ВИРУНГА (улуттук парк)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИРУ́НГА – Конго Демокр. Респ-нын түн.-чы­гышында, Уганда м-н Руанданын чегинде жай­гашкан ул. парк. Аянты 7,9 миң км2. Жоголуп бараткан айбанаттарды коргоо максатында 1925-ж. уюшулган. Деңиз деңг. 800–5000 м би­йиктикте жайгашкан. Ул. парктын аймагына саванна, нымдуу тропиктик токой мүнөздүү. Кор­гоого алынган айбанаттардын ичинен тоо го­рилласына эң ыңгайлуу шарт бар, ошол эле учурда көптөгөн башка жаныбарлардын, айрык­ча пилдин, кериктин, бегемоттун, кафр чамусу­нун (жаныш) саны браконьерликтен туруктуу кыскарууда. Паркты, о. эле шимпанзе, түрдүү антилопалар, окапилер, арстандар, сөөлдүү до­ңуздар, кабыландар мекендейт. Суу ж-а саз куш­тары да көп. 1979-ж. Бүткүл дүйнөлүк мурас­тын, 1994-жылдан кооптуу кырдаалдагы объек­тилер тизмесине кирген.