ВИРУС
ВИ́РУС (Computer virus) к о м п ь ю т е р д е – башка программалык жабдыкка же файлга кирип, аларды зыянга учуратуу үчүн иштелип чыккан колдонуучуга белгисиз болгон компьютердик программа. В. программасы контакт болгон программалык жабдыкка же файлга кирет. Ал көбүнчө компьютердик системаны зыянга учуратат, берилиштерди жоготот, бузат ж-а өзүн андан ары таркатат. В. дискет, модем же байланыш тармагы б-ча башка компьютерден кирет. Эгер В. кирген файл башка компьютердик системага жиберилсе же бул системага кайрылса, анда ал башка системага таралат. Кийинки жылдары улам миңдеген жаңы В-тар пайда болуп, айрымдары кеңири колдонулуучу программаларга кирип, бүткүл дүйнөгө таралат ж-а бир нече ай бою компьютерде жайгашып, анан капысынан таасир эте баштайт. В. компьютер тармактарынын (локалдык, глобалдык), интернеттин пайда болушу В-тун таралышын өзгөчө жеңилдетти. В-тардын негизги 4 тиби (жүктөлүүчү сектор В-у, файл В-у, троян В-у ж-а макро В-тар) бар. Жүктөлүүчү сектор В-у компьютер системасын иштетүүчү баштапкы жүктөө программасына кирет. В. кирген программа иштетилгенде андагы В. компьютердин эсине жазылып калып, компьютердеги флоппи дисктердин ар бирине көчүрүлүп жазыла берет. Троян (грек мифи) В-у кадимки программага окшош, ал программанын ичинде жашыруун түрдө кирип алат. Текстти иштетүү сыяктуу колдонмолордо пайдаланылган макро-буйруктарда В. коддору жашырынып калат. Макро-буйруктардан киргизип алган В-туу документ ачылганда В. эске жүктөлөт ж-а андан башка программаларга кирет. Көп учурда макро В-тар шаблондун бөлүгү түрүндө иштелет ж-а түзүлүп жаткан документ шаблонду (үлгү) колдонгон сайын кирет. Айрым В-тар жөн гана компьютердик системага убактылуу кирип, үн же текст түрүндө кабар чыгарат. Мис., Грин курту аттуу В. экрандан жашыл куртту көрсөтөт. «Тире» деп аталган В. башка В-тардай өзгө программаларга өзүн көчүрбөстөн, жөн гана эске же дискке өзүн көп ирет көчүрө берип, эсти же дискти толтуруп коёт. Эсте же дискте орун калбай калганда компьютер иштешин токтотот. В-ту атайы таркатуу көп өлкөдө чыккынчылык катары эсептелет. Компьютердик тармакка туташтырылбаган ж-а баш-
ка компьютер м-н маалымат алмашуу жүргүзүлбөгөн компьютерге В. кирбейт. В-тун улам жаңы түрү пайда болуп тургандыктан, антивирус программасы да мезгили м-н жаңыланып турушу зарыл. Белгилүү антивирус программалары: AIDSTEST, DRWEB, ADINF, WEBVAMP ж. б. А. С. Өмүралиев.