ВИРУС ООРУЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИ́РУС ООРУЛАРЫ вирустар козгоочу оору­лар. Алар м-н киши, айбанаттар, куштар, ба­лыктар, өсүмдүктөр, бактериялар ооруйт. Ви­рустардын клеткалар м-н өзара аракетинен түрдүү жугуштуу оорулар пайда болуп, тез өөр­чүгөндө клетка өлөт. Кээде вирус клеткага өзү­нүн зыяндуу таасирин көпкө чейин билгизбей, оору узакка созулуп, өнөкөт түрүндө өтөт. Ка­туу кармаган вирус инфекциясына караганда билинбей өтүүчү инфекция (учук, полиомиелит, грипп, энцефомиелит ж. б. оорулар) көп кезде­шет. Бул ооруларды пайда кылган вирустар организмде көпкө чейин (айрым учурда өмүр бою) билинбей сакталат. Айлана-чөйрөнүнүн ар кандай терс таасиринин (суукка урунуу, күн ж-а рентген нурлары, хим. заттар, психикалык стресс ж. б.) натыйжасын­да клеткада билин­бей жаткан вирустар жанданып, алардын оору козгоо жөндөм­дүүлүгү жогорулайт. Кээ бир В. о-нда жалпы дене жабыр­кайт ж-а ууланат (кызылча, грипп, че­чек, кутурма ж. б.), айрымдарында тери же былжыр ч ел (учук, папиллома), орган ж-а ткань (жүрөк, булчуң, боор) сезгенет, о. эле лейкоздор (кан­дын рак оорусу) ж-а коркунучтуу шишик (сар­кома, рак) ж. б. түрүндө да өтөт. Вирустуу гепа­тит, кызылча, грипп, туберкулёз, полиомие­лит, суучечек ж. б. оорулар кеңири таралган В. о-на кирет. Алар аба, тамак-аш, сүт, суу, түрдүү буюмдар, курт-кумурска (кене, чиркей) аркылуу жугат. Дарылоо оорунун белгилерине жараша жүргүзүлөт. Ооруну алдыналууда оору­лууну өз убагында ооруканага жаткыруу, оору­нун негизги булактарын жоготуу зарыл. В. о. катталып, статистикалык эсепке алынып ту­рат. Чечек, вирустуу сары безгек оорулары б-ча Эларалык карантин конвенциялары бар. В. о-на каршы эмдөөлөр жүргүзүлөт.