ВИРУСТАР
ВИРУСТАР (лат. virus – уу) – киши, жаныбар ж-а өсүмдүктөрдүн жугуштуу вирус ооруларын козгоочу өтө майда организмдер. Алар тирүү клеткада гана жашап, көбөйөт. Бактериядан өзгөчөлөнүп, клеткадан сырткары атайын жасалган азык чөйрөдө өспөйт. Мед. изилдөө ж-а эксперимент үчүн өсүмдүк м-н жаныбар организминде, тирүү сакталган ткань ж-а клеткада ж. б. өстүрүлөт. В. өтө көп тараган жугуштуу ооруларды (чечек, кызамык, грипп, полиомиелит, кутурма ж. б.) козгойт, о. эле айрым өсүмдүк илдеттерин пайда кылат. Орус окумуштуусу Д. И. Ивановский 1892-ж. бактерия чыпкасынан өтүп кеткен эң майда мироорганизмдер В. экенин аныктаган. В. тирүү организмге таандык бардык касиеттерге (тукум куугучтук, өзгөргүчтүк ж-а сырткы чөйрөнүн шартына карата ыңгайлануу) ээ жөнөкөй организм. Алар электрондук микроскоптун жардамы м-н гана көрүнөт. В-дын көлөмү ар кандай, мис., чечек козгогучу чоң (300–400 нм), ал эми энцефалит, полиомиелит, шарп козгогучтары эң эле кичине (20–30 нм). Алар төрт чарчы, таякча, тоголок ж-а жипче формада болушат. В. белоктордон ж-а нуклеин к-тасынан турат. Жаныбар, өсүмдүк ж-а бактериялардын клеткалары эки нуклеин к-тасынан (ДНК ж-а РНК) турса, В.
<img src='ВИРУСТАР25.png' alt=”Айрым вирустардын түзүлүш схемасы. РНКлуу вирустар: 1 – гиповирус, 2 – реовирус, 3 – рабдовирус, 4 – парамиксовирус, 5 – клостеровирус, 6 – коронавирус, 7 – ретровирус. ДНКлуу вирустар: 8 – плазмавирус, 9 – миовирус, 10 – иридовирус, 11 – бакуловирус, 12 – асковирус, 13 – поксивирус, 14 – аденовирус, 15 – иновирус.”/>
бир гана (ДНК же РНК) нуклеин к-тасынан турат. Татаал түзүлүштүү В-да белок ж-а нуклеин к-тасынан башка липпиддер, полиаминдер, ферменттер, витаминдер ж. б. болот. В. клетка ядросунда, цитоплазмада да көбөйөт. Алгач вириондор клеткага жабышып, андан клетканын ичине кирет. Анда вириондун белок кабыкчасы ферменттердин таасиринен бузулуп, нуклеин к-тасы бошонот. Нуклеин к-тасы клеткага киргенден кийин вирус инфекциясынын жашыруун мезгили башталат. В-дын көбөйүүсү жаңы вирус бөлүкчөлөрүнүн (вибриондорунун) жайылып, клеткалардан чөйрөгө чыгуусу м-н аяктайт. В. ысык (90°С), суук (–70°С) темп-рага чыдамдуу келип, жаратылышта көп кездешип, киши, жаныбар ж-а өсүмдүктөр аркылуу таралат.