ВИРУСТУК ДИАРЕЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИРУСТУК ДИАРЕ́Я (Diarrhea viralis bovis), ж у г у ш т у у э н т е р и т – бодонун тамак сиңирүү ж-а демалуу жолунун былжыр челинде оюк жара пайда кылып, ичин өткөрүп, каңыл­жаар ж-а көздүн былжыр челин сезгентип, кал­тыратмага дуушар кылуучу, тез жугуучу ылаң. В. д. 1946-ж. АКШда катталган, Кырг-нда да кездешет, аны Р. С. Галиев изилдеген (1976). В. д-нын козгогучу – РНКлуу вирус. Аны м-н бодомал 2 айынан тартып 2 жашка чейин (көбүнчө 5–6 айында) ылаңдайт. Бирок айрым учурларда 1–4 күндүк музоо ж-а 3–7 жаштагы уй да ылаңдап калышы мүмкүн. Ылаңдаган ж-а ылаңдан айыккан мал (4 айга, кээде андан да көп убакытка чейин) ылаң козгогучтун булагы болуп саналат. Кээ бир малда ылаң тымызын өтүп, вирусту кыйла убакытка чейин сыртка бөлүп чыгарып турат. Ылаң козгогучун вирус м-н булганган тоют, малканадагы нымдуу аба, шаймандар, суу ж. б. таратат. В. д. көбүнчө жылдын суук мезгилинде эпизоотия түрүндө болот. Ал катуу кармаган, жетилген өнөкөт ж-а тымызын түрдө өтөт. Ылаң катуу карма­ганда клиникалык белгилер музоодо айкын бай­калат. Заңы суюк, сасык келип, көбүктөнүп турат, анда газ, былжыр ж-а кан болот. Жөт­күрөт, көзүнөн жаш куюлат, кээде аксайт, ор­дунан араң турат, темтеңдейт. Бул учурда ылаң 4 жумага созулуп, мал өлөт. Бооз уй музоо са­лат. Анын жетилген түрүндө ылаң белгилери айкын болуп, дарылоо оңой болот да, көпчүлүк музоолор айыгат. Өнөкөт түрүндө ылаң белги­лери жай байкалат (кээде 6 айга чейин созу­лат). Ылаңдаган мал өтө арыктайт, мезгил-мез­гили м-н ичи өтөт, ооздун былжыр челинде үстүн былжыр каптаган оюк жаралар пайда болот, көпчүлүгү өлөт. Диагноз лабор. изилдөө м-н коюлат. Дарылоодо ылаңдаган мал сапаттуу ж-а сиңимдүү тоют м-н камсыз кылынат. Орга­низмдеги суу балансын калыбына келтирүү мак­сатында венасына, тери алдына электролиттер ж-а глюкозанын 40%түү эритмеси 500–1000 мл ченеминде куюлат, глюкозаны ичирсе да болот.
Былжыр челин антисептикалык заттардын (ка­лий перманганаты, фурациллин, этакридин лак­таты) эритмелери м-н чайкайт ж-а ихтиол ко­шулган көк таштын 1%түү эритмеси м-н клиз­ма жасалат, жүрөк ишин жакшыртуучу ко­феин, кордиамин, коразол колдонулат. В. д-га каршы ар түрдүү вакциналар куюлат. Чарбада вет.-санит. эрежелерди так сактоо талап кы­лынат. Д. Раимбеков.