ВИСБЮ
ВИ́СБЮ , В и с б и – Швециядагы шаар, Готланд а-нын ж-а ленинин (адм.-айм. бирдик) башкы шаары. Калкы 22,0 миң (2006). Деңиз порту; эларалык аэропорту бар. 9-кылымда отурукташа баштаган. 11–13-кылымда ири соода борбору. Шаардын кууш көчөлүү о. кылымдык бөлүгү уз. 3,4 км келген калың дубалдуу чептер м-н курчалган. Шаардын борб. бөлүгүндө Кудай Эне собору, о. кылымдын чиркөөлөрүнүн калдыктары – Ыйык Периште (13-к.), Ыйык Николай

(13–15-к.), Ыйык Екатерина (13-кылымдын ортосу, 1412), Ыйык Ларс (13-кылымдын 2-жарымы), чиркөөлөрү, «Эски дарыкана», Лильехорндун (13-к.) ж-а бургомистрдин (16–17-к.) үйлөрү, ратуша (18-к.), 18–19-кылымдын жыгач үйлөрү сакталган. Шаар Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Готланддардын байыркылыгын баяндаган музей (1875; руна жазуулары бар таштар, о. кылымдын иск-восу) иштейт.