ВИСМАР
ВИ́СМАР – Германиянын түндүгүндөгү шаар, Мекленбург – Алдыңкы Померания жеринин (адм.-айм. бирдик) аймагында. Калкы 44,8 миң (2006). Балтика деңизиндеги Висмар бухтасында жайгашкан порт. Алгач 1229-жылдан эскерилет. 1257–1358-ж. Мекленбург княздарынын резиденциясы. В-дын борборунда готика стилинде кыштан салынган Ыйык Мария чиркөөсүнүн

батыш мунарасы (1260), Ыйык Николай (1381– 1487), Ыйык Георгий (13–16-к.), Ыйык Периште (15-к.) чиркөөлөрү, Мекленбург княздарынын ренессанс стилиндеги Фюрстенхоф сарайы, барокко стилиндеги Цейхгауз (18-к.), ренессанс стилиндеги «Суу искусствосу» фонтаны бар. 14–19- к-дын үйлөрү м-н курчалган Чоң базар аянты сакталган. Шаардын тарыхый борб. бөлүгү Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Технол., бизнес ж-а дизайн ун-ти, тарых музейи, театр, зоопарк бар. В. – балык кармоочу флоттун базасы. Кеме куруу ж-а ремонттоо, балык өнөржай ишканалары иштейт.