ВИСМУТ
ВИ́СМУТ (Bismuthum), Bi – элементтердин мезгилдик системасынын V тобунан орун алган хим. элемент; ат. н. 83, ат. м. 208,9; туруктуу бир изотоптон 209Bi турат. Табиятта эркин ж-а бирикмелер түрүндө кездешет. Анын эң кеңири таралган минералдары Bi2S3 (висмут жалтырагы) ж-а Bi2О3 (бисмит). Жер кыртышында массасы б-ча 2 · 10–5 %ти түзөт. В. – күмүш түспөл боз металл; тыгыздыгы 9,80 г/см3, эрүү t 271,3°С. Бирикмелеринде 2, 3, 5 валенттүү. Кургак абада туруктуу, жогорку темп-рада күйүп, сары түстөгү оксидин Bi2О3 пайда кылат. Күкүрттө эриткенде же анын туздарынын эритмесине күкүрттүү суутекти таасир эткенде, күкүрттүү В. пайда болот. Туз ж-а суюлтулган күкүрт к-талары м-н реакцияга кирбейт. Азот к-тасы м-н нитратты, концент. күкүрт к-тасы м-н ысытканда гидросульфатты пайда кылат. Галогендер м-н BiF3 сыяктуу бирикмелерди берет. Анын Мg м-н болгон куймасына НСIду таасир эткенде уулуу газ – Bi2Н3 пайда бо лот.
В. көмүр м-н Bi2О3тү калыбына келтирүүдөн же күкүрттүн бирикмелеринен темир м-н сүрүп чыгаруудан алынат: Bi2О3 +3С = 2Bi + 3СО; Bi2S3+ + 3Fе = 2Bi + 3FeS. В. коргошун, калай, кадмий ж. б. металлдар м-н куйма алууда, магнит талаасынын чыңалуусун өлчөөчү прибордо, ядролук реактордо, көп бирикмелери айнек, керамика жасоодо ж-а медицинада колдонулат. В-тун кычкылтек м-н болгон бирикмелери (BiО, Bi2О3, Bi2О4, Bi2О5) В. оксиддери деп ата лат.
В-тун (III) үч оксиди Bi2О3 – табиятта бисмит же висмут охрасы аттуу минерал түрүндө кездешет. Ал сары түстөгү оор күкүм, ысытканда күрөң же саргыч кызыл түскө өтөт. Сууда эрибейт, к-таларда оңой эрип, туздарды пайда кылат. BiO – В. моноксиди, кара түстөгү катуу зат. Nа3Biту NН3тө кычкылтек м-н окистендиргенде пайда болот. Bi2О5 – В-тун пента оксиди, күрөң кристалл. Bi2О3тү КОНтын суудагы эритмесинде хлор м-н окистендирүүдөн алынат.