ГРИГОРЬЕВ МӨӉГҮСҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 22 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРИГО́РЬЕВ МӨӉГҮСҮ – Ички Теӊир-Тоодогу жалпак чоку тибиндеги мөӊгү. Уз. 6 км, аянты 8,3 км2. Тескей Ала-Тоонун түш. капталында, Ара-Бел суусунун алабында жайгашкан. Мөӊгүнүн башы деӊиз деӊг. 4606 м, этеги 4202 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4400 м. Мөӊгүнүн формасы үч бурчтук сымал, эӊкейиштеген сайын жайылып, этегинин эни 4 кмге чейин жетет. Калыӊдыгы 100–150 м. Сырткы көрүнүшү түндүктөгү аралдардагы калкан сымал мөӊгүлөргө окшош. Мөӊгү акад. А. А. Григорьевдин ысмынан аталган.