ВИТРУВИЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИТРУ́ВИЙ (Vitruvius) – б. з. ч. Рим архитек­тору ж-а инженер. «Архитектура тууралуу он китеп» аттуу байыркы арх-ралык трактаттын автору (китеп биздин күнгө чейин сакталган). Китепте шаар куруу, инж.-тех. ж-а сүрөт масе­лелери каралып, грек ж-а рим эллиндик зод­чийлигинин тажрыйбасы жалпыланган. Арх­ранын тех. ж-а эстетикалык аспектилери ар­кылуу «бышык, пайдалуу ж-а кооз» имараттар­ды куруу талабы келтирилген. В-дин трактаты 15-кылымда кунт коюп үйрөнүлгөн ж-а 17–18-кылымдагы арх-ралык ордерлердин канондук формасын иш­теп чыгууда маанилүү роль ойногон.