ВИТТЕНБЕРГ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИ́ТТЕНБЕРГ , Л ю т е р ш т а д т – Германия­дагы шаар, Саксония-Анхальт жеринде (адм.- айм. бирдик). Калкы 44,6 миң (2006). Эльба д-нын боюнда жайгашкан. В. аркылуу Берлин – Лейпциг – Франкфурт-на-Майне темиржолу, Берлин – Лейпциг автомагистралы өтөт. Алгач 1180-жылдан эскерилет. 1293-жылдан шаар. 1486–1547-ж. герцогдордун (мезгил-мезгили м-н), андан кийин Саксония курфюристтеринин рези­денциясы. Шаардын борборунда Рынок аянты, Ыйык Мария собору ж-а М. Лютердин эстелиги ж. б. жайгашкан. Шаардын эски бөлүгүндөгү Бар­дык Ыйыктардын сарай чиркөөлөрү, Меланхтон­дун ренессанс стилиндеги үйү (1536–39), Лютер

Ыйык Мария собору ж-а рынок аянты.

гимназиясы бар. Лютердин өмүр жолуна байла­ныштуу курулуштар Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Ун-ттер, музей, хим., тамак­аш, машина куруу өнөржай ишканалары иш­тейт. 1990-жылдан кийин бир топ өнөржай иш­каналары, шаарга жакын шахта, карьерлер жа­былып, шаардын калкы 9,4 миң адамга азайган.