ВИЧЕНЦА
ВИЧЕ́НЦА – Италиянын түн.-чыгышындагы шаар. Венеция обл-нун ж-а В. провинциясынын адм. борбору. Калкы 117,3 миң (2006). Альп тоосунун этегинде жайгашкан. Жолдор тоому. 1115-жылдан эркин шаар-коммуна.

Рим театрынын калдыгы, криптопортика, көпүрөлөр, акведук, чиркөөлөр, соборлор, сарайлар, палаццо, базилика ж. б. сакталган. В. Италиянын зер буюмдар өндүрүшүнүн ири борбору. Баалуу буюмдардын (алтындан ж-а күмүштөн жасалган) эларалык көргөзмөлөрү өткөрүлүп турат. Зергерчиликке керектүү жабдууларды чыгаруучу өндүрүшү, машина куруу (текстиль, а. ч., электр-тех. ж.б. ), текстиль, тигүү, булгаарыбут кийим, жыгаччылык, эмерек, хим., тамакаш, курулуш материалдары, карапа буюмдар өнөржайы иштейт. В. ж-а Венеция обл-ндагы Палладио курган виллалар Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.