ВИШАКХАПАТНАМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИШАКХАПА́ТНАМ – Индиянын түштүгүндөгү шаар, Андхра-Прадеш штатында. Калкы 1,1 млн (2006). Бенгал булуңундагы табигый гаванда жайгашкан. Индиянын башкы деңиз порттору­нун бири (жылына 50 миң т жүк ташылат). Калькутта – Ченнаи магистралындагы темир­жол түйүнү. Аэропорту бар. 1683-ж. англ. фак­тория катары негизделген. Ун-т, музей (суу ас­тындагы кемелер), театр, зоопарк бар. В. – ири өнөржай борбору. Кара ж-а түстүү металлургия (цинк), кеме куруу, нефть ажыратуу, минерал­дык жерсемирткичтер өнөржай өндүрүшү иш­тейт. Балык кармалат. Согуш-деңиз базасы. Шаарга жакын Симанчалам храмы жайгашкан.