ВИШИ ӨКМӨТҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИШИ́ ӨКМӨТҮ (1940–44) 2-дүйнөлүк согуштун учурунда француз өкмөтү жайгашкан Виши ш-нын атынан аталган. Франциянын жеңили­ши м-н 1940-ж. 22-июнда жарашууга кол кою­луп, Франциянын түн. бөлүгү Париж м-н бирге фашисттер тарабынан оккупацияланган. Өл­көнүн калган бөлүгү көзкарандысыздыгын


шарттуу түрдө сактап калып, Виши ш. мамле­кеттин борборуна айланган. 10-июлда парламент бийликти маршал А. Ф. Петенге берген. Ошен­тип Үчүнчү республика өз жашоосун токтоткон. Франция территориясынын 1/3 бөлүгү бул өкмөттүн карамагында болгон. Петен өлкөнүн кыйрашынын негизги себеби катары демокр. түзүлүштү күнөөлөп, өлкөнүн аталышындагы республика сөзүн колдонбой, өзүн «Француз мамлекетинин башчысы» деп жарыялаган. Бар­дык саясий партиялар таркатылган, профсоюз­дарга тыюу салынган. Үчүнчү республиканын көрүнүктүү мамл. ишмерлери сот жообуна тар­тылган, 75 миң чет элдик еврейлер нацисттерге берилген. Тышкы саясатта Петен Германия м-н кызматташууга чакырган. 1944-ж. германиялык аскерлердин өлкөнүн аймагынан чегинүүсү м-н жоюлган.