ВИШНЕВСКАЯ
ВИШНЕ́ВСКАЯ Галина Павловна (25.10.1926- ж. т.‚ Ленинград) – опера ырчысы (сопрано)‚ CCCР эл арт. (1966). Л. М. Ростроповичтин аялы.

Ленинградда окуган. Cахна ишмердигин 1944-ж. опереттадан баштаган‚ кийин Ленинград филармониясында и шт еген. 19 52 – 74- ж. CCCР Чоң театрында. Таза тембрдеги уккулуктуу үнү ж-а чоң драмалык таланты бар артист. В. сахна образдарынын галереясын түзгөн: Татьяна‚ Лиза‚ Купава; Марфа («Падышанын колуктусу»)‚ Аида‚ Виолетта‚ Чио-чио-сан‚ Тоска; Леонора («Фиделио») ж. б. Миландагы «Ла Cкала» театрында Лиунун партиясын («Турандот»‚ Пуччини) аткарган. Чоң театрда Катаринанын («Азоого чалма»‚ Шебалин 1957)‚ Наташа Ростованын («Cогуш жана тынчтык»‚ Прокофьев, 1959)‚ Маринанын («Октябрь»‚ Мурадели‚ 1964)‚ Cофья Ткаченконун («Cемён Котко»‚ Прокофьев‚ 1970) партияларынын биринчи аткаруучусу. Концерттик ж-а камералык ырчы катары да таанымал. Киного тарт ылган («Кат ерина И змайлова»‚ Шостакович‚ 1966). Көп өлкөлөрдө гастролдо болгон. 1974–90-ж. чет өлкөдө жашаган.