ВИШНЕВСКИЙ Александр Александрович
ВИШНЕ́ВСКИЙ 1 Александр Александрович [11(24).5.1906, Казан — 19.11.1975, Москва] — орус хирургу, СССР МИАнын акад. (1957), Соц. Эмг. Баатыры (1966). Мед. кызматтын генералполковниги. 1929-ж. Казан ун-тинин мед. ф-тин бүтүргөн. 1948-жылдан СССР МИАнын А. В. Вишневский атн. Хирургия ин-тунун директору ж-а Сов. Армиянын башкы хирургу (1956). В. жүрөктүн, өпкөнүн операциясында оорутпоо (анестезия), хирургияда полимерди колдонуу сыяктуу проблемаларды иштеп чыккан. Ал 1953-ж. жерг. оорутпоо м-н жүрөккө дүйнөдө 1-болуп операция жасаган. 1957-ж. жүрөккө операция жасоодо жасалма кан айландыруучу аппаратты СССРде 1-жолу колдонгон. 1955-ж. жерг. оорутпоо ж-дөгү иши үчүн Р. Лериш атн. эларалык сыйлык берилген. Ленин сыйл. (1960) ж-а СССР мамл. сыйл. (1970) лауреаты. Эларалык хирургдар ассоциациясынын ж-а бир нече чет өлкөлүк ил. мед. коомдун мүчөсү. Үч Ленин, башка көптөгөн орден ж-а медалдар, о. эле чет өлкөлөрдүн ордендери м-н сыйланган.