ВИШНЕВСКИЙ Александр Васильевич
ВИШНЕ́ВСКИЙ 2 Александр Васильевич [23.8 (4. 9).1874, Дагстан, Чирьюрт айылы – 13.11.1948, Москва] — сов. хирург, СССР МИАнын анык мүчөсү (1947), РСФСРдин илимге эмг. сиң. ишмери (1934). Казан ун-тинин мед. ф-тин бүткөн (1899). Казандагы госпиталдык хирургия (1914— 25) ж-а ф-ттик хирургия клиникасынын башчысы (1926—34). СССР МИАнын Хирургия интунун директору (1947). Ушул ин-тка 1948-ж. В-дин ысмы коюлган. В. операция убагында ооруганды сездирбей турган новокаинди колдонуу ж-а майлуу бальзамды (Вишневский майы) сыйпап таңуу методун сунуш кылган. Бул метод антисептикалык дары катары гана эмес, нерв системасына таасир эткендиктен, ткандардын сезгенишин (гангрена, трофикалык жара, тромбофлебит, чыйкан, ириң толгон шишикти) дарылоодо да жакшы натыйжалар берет. СССР Мамл. сыйл. лауреаты (1942). Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.