ВЛАСОВ Владимир Александрович
ВЛА́СОВ 1 Владимир Александрович [25.12.1902 (7.1.1903), Москва – 7.9. 1986, ошол эле жер] – композитор, кыргыз профессионал музыкасын баштоочулардын бири, Кыргыз ССР эл арт. (1946), РСФСРдин иск-вого эмг. сиң. ишмери (1947), Кыргыз ССР Токтогул атн. мамл . с ый л . лауреат ы (1970). П. Чайковский атн.

мамл. консерваториянын скрипка классын бүтүргөн (1928). Мос кв анын му з. окуу жайларында музыка теориясы ж-а скрипкада ойноо б-ча сабак берген. 1926– 36-ж. МХАТта дирижёр.
1936-ж. Кырг-нга келген. 1936–42-ж. Кыргыз мамл. муз. драма театрынын көркөм жетекчиси, 1943–49-ж. Москва мамл. филармониясынын директору ж-а көркөм жетекчиси болуп иштеген. 1932-жылдан СССР композиторлор союзунун мүчөсү. Комп. А. Малдыбаев, В. Фере м-н бирге «Манас», «Токтогул», «Көл боюнда», «Патриоттор», «Эл уулу», В. Фере м-н «Михаил Фрун-
зе», «Айчүрөк» операларын, «Алтын кыз», «Ажал ордуна» (А. Малдыбаев, В. Фере м-н) муз. драмаларын, «Анар», «Селкинчек» (экөө тең В. Фере м-н), «Шурале», «Алатоодогу жаз», «Асел» ж. б. балеттерин жазган. «Токтогул» симф. поэмасын (1958), «Румын рапсодиясын» (1955), «Майрамдык увертюраны» (1957), «Акын Ленинди ырдайт» (1957) кантатасын, «Үч булбулдар кайдасыңар» (А. Малдыбаев м-н бирге), «Бакыт», «Бир тууган айылда» деген ораторияларды, «Бакыт жөнүндө баян», «Колхоздогу той», «Кош, Гүлсары», «Менин Кыргызстаным» аттуу ода-кантаталарды (А. Малдыбаев, В. Фере м-н), көптөгөн камералык-аспаптык чыгармаларды, ырларды, романстарды, хорлорду жазган. Ал кыргыз элинин профессионалдык музыкасынын түптөлүшүнө, калыптанышына, өсүшүнө өзгөчө салым кошкон. В. эки Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери ж-а медалдар м-н сыйлан ган.
Ад.: Виноградов В. С. В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере. М., 1958.