ВЛАСОВ Юрий Петрович
ВЛА́СОВ Юрий Петрович (5.12.1935-ж.т., Донецк обл., Макеевка) – орус спортчусу (оор атлет), СССР спортунун эмг. сиң. чебери (1959); публицист. 1950-жылдардын аягы –1960-жылдардын башында дүйнөдөгү эң күчтүү спортчу (штангист ). Оор салмак категориясы б-ча Олимпия оюндарынын (1960), дүйнөнүн (1959, 1961– 63), Европанын (1959–64), СССРдин (1959-63) бир нече жолку чемпиону. Дүйнөнүн бир нече жолку рекордсмени (1959–67). Россиянын жеңил атлетика (1985) ж-а атлетикалык гимнастика (1987–88) федерацияларынын, көзкарандысыз Пушкин академиясынын (1993-жылдан) президенти. РФтин Мамл. думасынын депутаты (1993– 95) . 1946–53-жылдары Суворов атн. аскер окуу жайында (Саратов ш.), 1953–59-жылдары Н. Е. Жуковский атн. аскер-аба академиясында окуган. Ошол жерде оор атлетика б-ча машыга баштаган. Ал 31 дүйнөлүк рекорд койгон (штанга көтөрүүнүн үч түрүнүн суммасы б-ча рекордду 510 кгдан 580 кгга жеткирген), «Планетанын эң күчтүү кишиси» титулуна ээ болгон. Көптөгөн популярдуу китептердин автору. Ленин ордени м-н сыйлан ган.
Чыг.: Соленые радости, М., 1976; Огненный крест. М., 1991. Ч. 1–2.