ВЛКСМ (Кара Суу районундагы кыштак)
ВЛКСМ – Ош обл-нун Карасуу р-нундагы кыштак. Нариман айыл өкмөтүнө караштуу. Райондун борбору ж-а темиржол бекети Карасуу ш-нан 29 км түш.-батыш тарапта. 1955-ж. орношкон. Калкы 3756 (2006); негизинен пахтачылыкта, тамекичиликте эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.