ВОЕЙКОВ
ВОЕ́ЙКОВ Александр Иванович [8(20).5.1842, Москва – 28.1 (10.2).1916, Санкт-Петербург] – орус климатологу ж-а географы. Россияда климатология илимине негиз салуучулардын бири. Санкт-Петербург ИАнын корр. мүчөсү (1910), философия илимд. доктору (1865) ж-а физ. географиянын урматтуу доктору (1880), Санкт-Петербург ун-тинин проф. (1885). 1872–76-ж. Батыш Европага, Түн., Түш. ж-а Борб. Америкага, Индстанга, Кытайга, Цейлонго, Явага, Японияга саякат жасаган. 1912-ж. 70 жаш кура-
гында О. Азияга ж-а Казакстанга келип байкоо жүргүзгөн. В. көптөгөн ил. эмгектердин автору, а. и. эң негизгиси – «Жер шарынын, анын ичинде Россиянын климаты». Метеорологиялык кубулуштарды ж-а климат процесстерин изилдеген. Бул эмгеги үчүн Орус география коому В-ду чоң алтын медалы м-н сыйлаган. Закавказьеде чай, цитрус өсүмдүктөрүн, О. Азияда гозонун баалуу сортторун өстүрүү мүмкүн экенин аныктаган. «Едил менен Каспий деңизинин деңгээлинин өзгөрүшү» (1871), «Кол менен сугаруу жана аны Кавказ менен Орто Азияда колдонуу» (1884) ж. б. эмгектери О. Азия ж-а Казакстандын географтарына зор таасирин тийгизген. В. климаттык ж-а геогр. кубулуштарды изилдөө үчүн биринчилерден болуп баланс методун колдонгон. Анын эмгектери палеоклиматология, айыл чарба метеорологиясы, фенология илимдеринин негизин түзгөн. В-дун жетекчилиги м-н «Метеорологический вестник» журналы 1891–1935-ж. чыгып турган. Чет өлкөлүк (а. и. Россиянын) көптөгөн ил. коомдордун мүчөсү болгон. Санкт-Петербургдагы Башкы геофиз. обсерваторияга Азия антициклонунун бир тармагына ж. б-га В-дун ысымы берил ген.
Эмг.: Избр. соч. М.; Л., 1948–1957. Т. 1–4 (биографический очерк и список раб от).
Ад.: Тимашев А. К. А. И. Воейков. М., 1957; Творцы отечественной науки. Географы. М., 1996; Казакстан Улуттук энциклопедиясы. 3-т. А., 1999.