ВОЕЙКОВ ОГУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВОЕ́ЙКОВ ОГУАзия антициклонунун бир тар­магы. Ал антициклондун борб. бөлүгүнөн (Мон­гол ия нын ай магы ж-а Ч ыгыш Си бирди н түштүгүнөн) батышты карай Урал, Төмөнкү Волга боюна чейин созулат. Батыш Сибирь м-н Түн. Казакстандын климатына зор таасир тий­гизет; кышында ал аймактарда аяздуу суук аба ырайын пайда кылат. В. о-нун чегинде циклон­дорго караганда антициклондор үстөмдүк кы­лары атм. басымдын карталарында катталат. Бул кубулушту алгач (19-кылымдын аягында) анык­таган орус климатологу А. И. Воейковдун ыс­мынан аталган.