ВОЕННО-АНТОНОВКА
ВОЕННОАНТО́НОВКА – Чүй обл-нун Сокулук р-нундагы кыштак. Военноантоновка айыл өкмөтүнө караштуу. Бишкек–Ташкен автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 737 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Сокулук кыш-нан 15 км чыгыш тарапта. Пишпек темиржол бекетинен 7 км. Кыштак 1900-ж. отурукташкан. Калкы 10320 (2005); негизинен мал чарбасында ж-а дыйканчылыкта эмгекте нет.
Орто мектеп, балдар үйү, балабакча, үйбүлөлүк врачтар тобу, дарыкана, мад-т үйү, китепкана, кафе ж-а автобаза бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.