ВОЗНЕСЕНОВКА
ВОЗНЕСЕ́НОВКА – Чүй обл-нун Панфилов р-нундагы кыштак. Вознесеновка айыл өкмөтүнө караштуу. Бишкек–Ташкен автомобиль жолунун боюнда. Райондун борбору Кайыңды шаарчасынан 18 км түш.-чыгыш тарапта. Карабалта темиржол бекетинен 5 км. Кыштак 1875-ж. отурукташкан. Деңиз деңг. 1200 м бийиктикте. Калкы 3693 (2006); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана, амбулатория, дарыкана, үйбүлөлүк врачтар тобу, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, май куюучу жай бар. Кыштакта Соц. Эмг. Баатыры А. А. Юрченко туулган.