ВОИНОВ Александр Хусаинович

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВО́ИНОВ Александр Хусаинович (20.4.1961-ж. т., Тажикстан, Ленинабад ш.) – КРдин эмгек си­ңирген машыктыргычы (кикбоксинг), СССР спортунун чебери (Дзюдо – 1989; ушу-саньда – 1990), кикбоксинг (ушу­саньда) б-ча дүйнөнүн про­фессионалдар арасында чем­пиону (1992). Кыргыз мамл. Денетарбия ин-тун

(1966) ж-а И. Арабаев атн. Кыргыз мамл. ун-тин (2003) аякта­ган. Эмгек жолун Ысыката р-нунун жаштар спорт мек­тебинин дзюдо б-ча машык­тыргычы болуп баштаган. 1989-ж. Ысыката р-нунун спорт к-тинин төрагасы, 1991-ж. Бишкек ш-н-дагы чыгыш күрөш б-ча мектептин жетекчиси, 1993-жылдан КРдин кикбоксинг б-ча улуттук командасын жетектейт. Ушул эле жылы про­фессионалдык «Гермес-профи» спорт клубун ачып, Бүткүл Азия кикбоксинг ассоциациясы­нын президенти болуп дайындалган. Ал КРдин Олимпия к-тинин вице-президенти (2006), Кыр­гыз Респ-нын президентинин денетарбия ж-а спорт иштери б-ча кеңешчиси (2007). В. бир нече спорт чеберлерин (Ш. Шабанов, Ж. Амантаев, А. Ибраев, Б. Борбашев, И. Мамбетов, Р. Аба­сов, К. Сыдыгалиев, А. Порсуков ж. б.) даярда­ган. Даңк медалы (1999) ж-а Данакер ордени (2006) м-н сыйланган.

Б. Үсөнканов.