ВОЙНИЧ
ВО́ЙНИЧ Этель Лилиан (11.5.1864, Ирландия, Корк – 28.7.1960, Нью-Йорк) – англ. жазуучу. Англ. математик Ж. Булдун кызы, поляк революционери М. Войничтин аялы. 1887–89-ж. Россияда, 1920-жылдан Нью-Йоркто жашаган. Анын мыкты чыгармасы «Сайгак» (1897) романында 19-кылымдын 30–40-жылдарындагы итал. революционерлердин баатырдык образын түзгөн. Роман жаштардын бирден бир сүйүктүү китептеринен болуп, спектакль, фильм, опералардын адабий негизи катары пайдаланылган. «Ж. Реймонд» (1901), «Оливия Лэтам» (1904), «Үзүлгөн достук» (1910), «Бут кийимиңди чеч» (1945) аттуу романдардын да автору. Ал бир нече муз. чыгармаларды, а. и. «Вавилон» ораториясын (1948) жазган. М. Ю. Лермонтов, Н. В. Гоголь, Т. Г. Шевченко, Ф. М. Достоевскийдин чыгармаларын англис тилине которгон.