ВОЛГОГРАД

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВОЛГОГРА́Д – Россиядагы шаар, Волгоград обл-н ун адм. борбору. Калкы 999,1 миң (2005). Вол­га бою дөңсөөсүнүн капталында жайгашып, Волга д-нын оң жээгин бойлой 100 кмден ашык созулуп жатат. Дарыя порту. Ири жол­дор тоому. Эларалык аэропорту бар. Алгач

Волга-Дон каналындагы шлюздардын бири.


1589-ж. Царицын шаар-чеби катары эскерилет. 18-кылымда Царицын аркылуу Астрахань жолу өткөн. Ал жол Россиянын борб. райондорун Каспий, Азов бою, О. Азия м-н байланышты­рып, эларалык соода борборуна айланганга түрткү болгон. 19-кылымда Царицын каракычысы («сарептск») м-н даңкталган. Улуу Ата Ме­кендик согушта шаар дээрлик талкаланган. 1950-ж. шаар ж-а анын өнөржай ишканалары толугу м-н (90%) кайра курулган. 1925-ж. Ста­линград аталып, 1961-жылдан Волгоград бол­гон. 1965-ж. «Баатыр шаар» деген ардактуу наам ыйгарылган. Арх-ра эстеликтерден – чиркөөлөр, собор, мурдагы синагога, аялдар гимназиясы, 20-кылымдын курулуштары сакталган. 1963–67-ж. Мамаев дөңсөөсүндө Сталинград салгылашы­нын баатырларына эстелик-ансамбль тургузул­ган. Планетарий, эстеликтер, ил.-из. ин-ттар,


Мамай дөбөсүндөгү мемориал комплекс.


26 ЖОЖ (филиалдары м-н; а. и. ун-ттер), ки­тепканалар (а. и. азиздер үчүн атайын), музей­лер (а. и. «Сталинград салгылашы» музей-поно­рама), театрлар, филармония ж. б. бар. О. эле академиялык симфониялык оркестр, ыр-бий ансамблдери иштейт . В. – облустун ири өнөржай борбору. Металлургия, машина куруу, нефть ажыратуу, хим., тамак-аш өнөржайла­ры, ГРЭС, ЖЭС, ГЭСтер бар. Шаардын түштүгүнөн Волга – Дон каналы ө төт.

Ад.: Ермаков А. Д. Памятники Волгограда. Волго­град, 1982; Гундырин П. А. Путешествие по Волго­граду. 3-е изд. Волгоград, 1987.