ВОЛЖАНСКИЙ
ВОЛЖА́НСКИЙ Владимир Александрович (30. 5. 1917, Иваново-Вознесенск – 3.10.1983, Москва) – цирк артисти, режиссёр, СССР эл арт.

(1979). Дарчылар династиясынын негиз салуучусу. Цирк аппараттарынын конструктору. 1933-ж. Цирк иск-восу Техникумун бүтүргөн. 1933-ж. бир тууганы Николай Александрович Волжанский (30.
12. 1913, Иваново-Вознесенск – 1. 9. 1990, Москва) м-н бирге Союзмамциркте «Акроб а т т ар -в о л ь т и - жёрлор» номери м-н иштей баштаган. 1944-ж. цирк иск-восунун 2-Бүткүлсоюздук конкурсуна В. өзүнүн жасаган аппараттары м-н эквилибристика соло номери н дая р даган. 1950-жы л дар д а цирк жанрынын реформатору ката-ры аркан аркылуу басып чыккан.
В. «Жантык канат» (1950), «Жылдыздар дүйнөсү» (1959), «Жылдыздуу дарчылар» (1967) аттуу жаңы номерлер м-н трюктардын жаратуучусу. В. – аткаруучу, режиссёр ж-а аттракцион аппараттарынын түзүүчүсү. 1977-ж. Москвадагы Вернадск проспектиндеги Циркте «Прометей» пантомимасынын премьерасы болгон (В.– сценарист, режиссёр, аттракциондун конструктору; СССР мамл. сыйл., 1978). В. өлгөндөн кийин кызы Марианна Владимировна Волжанская (6.3.1938, Москва; РСФСРдин эмг. сиң. арт., 1982) «Прометей» аттракционун жетектеген. 1997-ж. Иваново ш-ндагы циркке ысмы берил ген.
Ад.: Ганина М. Канатоходцы Волжанские. М., 1969.