ВОЛЖАНСКИЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВОЛЖА́НСКИЙ Владимир Александрович (30. 5. 1917, Иваново-Вознесенск – 3.10.1983, Моск­ва) – цирк артисти, режиссёр, СССР эл арт.

Дарчы Волжанскийлер.

(1979). Дарчылар династиясынын негиз салуучусу. Цирк аппараттарынын конструктору. 1933-ж. Цирк иск-восу Техникумун бүтүргөн. 1933-ж. бир туу­ганы Николай Александрович Волжанский (30. 12. 1913, Иваново-Вознесенск – 1. 9. 1990, Моск­ва) м-н бирге Союз­мамциркте «Акро­б а т т ар -в о л ь т и - жёрлор» номери м-н иштей башта­ган. 1944-ж. цирк иск-восунун 2-Бүт­күлсоюздук кон­курсуна В. өзүнүн жасаган аппарат­тары м-н эквилиб­ристика соло номе­ри н дая р даган. 1950-жы л дар д а цирк жанрынын реформатору ката-ры аркан аркылуу басып чыккан. В. «Жантык канат» (1950), «Жылдыздар дүйнөсү» (1959), «Жылдыздуу дарчылар» (1967) аттуу жаңы но­мерлер м-н трюктардын жаратуучусу. В. – ат­каруучу, режиссёр ж-а аттракцион аппаратта­рынын түзүүчүсү. 1977-ж. Москвадагы Вернадск проспектиндеги Циркте «Прометей» пантомима­сынын премьерасы болгон (В.– сценарист, ре­жиссёр, аттракциондун конструктору; СССР мамл. сыйл., 1978). В. өлгөндөн кийин кызы Марианна Владимировна Волжанская (6.3.1938, Москва; РСФСРдин эмг. сиң. арт., 1982) «Про­метей» аттракционун жетектеген. 1997-ж. Ива­ново ш-ндагы циркке ысмы берил ген.

Ад.: Ганина М. Канатоходцы Волжанские. М., 1969.