ВОЛЛАСТОНИТ
ВОЛЛАСТОНИ́Т (англ. химик У. Х. Волластондун ысымынан) – силикаттар тобундагы минерал.


Хим. формуласы Са (Si O ). Триклин сингониясында кристаллданат. Өңү ак, к ээде кызгыл т , айнек сымал жаркырак. Катуулугу Моос шкаласы б-ча 5–5,5. С. салм. 2,9. Контакт-метаморфизмден пайда болот. Негизинен карапа өнөржайында фарфор даярдоодо, үн ж-а жылуулук өткөрбөөчү материал катары пайдаланылат.