ВОЛКОВА Анна Александровна
ВО́ЛКОВА Анна Александровна (12. 1. 1902, Пенза обл., Кузнецк ш. – 21.1.1983, Фрунзе) – сов. микробиолог, ветеринария илимд. доктору (1951), проф. (1951), Кыргыз ССР ИАнын академиги (1955), биол. бөлүмүнүн академик-секретары (1955–57), вице-президенти (1957–60). Кыргыз ССРинин илимге эмг. сиң. ишмери (1947). Саратов вет. ин-тун бүткөн (1924). 1930-жылга чейин ветврач.

1930-жылдан Азербайжан м-н Кырг-ндын вет. ил.-из. мекемелеринде иштеген. 1960-жылдан Кыргыз ССР ИАнын Биохимия ж-а физиология ин-тунда лабор. башчысы. Эмгектери негизинен койдун жугуштуу ылаңдарына арналган. СССР мамл. сыйл. лауреаты (1947). 1950–54-ж. СССР Жогорку Советинин депутаты. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери м-н сыйланган.
Эмг.: Койлордун кыртыштагы микробдордон пайда болуучу жугуштуу оорулары. Ф., 1954.