ВОЛОГДА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВО́ЛОГДА – Россиядагы шаар. Вологда обл-нун адм. борбору. Калкы 288,4 миң (2005). Облус­тун түш. бөлүгүндө, Вологда д-нын боюнда жай­гашкан. Ири жолдор тоому. Аэропорту бар. Жазма даректерде алгач 1264-ж. эскерилет. 15– 16-кылымда ири колөнөрчүлүк ж-а соода борбору. Ус­пенье (Содгия), Воскресенье (1772–76) соборло­ру, Архиерей короосу ансамбли м-н (шаардын арх-ралык доминанты), коомдук туракжайлар,

Шаардын эски бөлүгүнүн көрүнүшү.


чиркөөлөр ж. б. сакталган. 2000-жылдан заман­бап курулуштары шаардын борб. бөлүгүндө план б-ча курулууда. Тогуз ЖОЖ (филиалдары м-н), китепканалар (а. и. азиздер үчүн), музейлер, Пётр Iнин, акын К. Н. Батюшковдун үй-музей­лери, сүрөт гал., театр, филармония бар. Фес­тивалдар өткөрүлүп турат. Подшипник, опти­ка-механика з-ддору, сүт комбинаты, троллей­бустар м-н автобустар ишканалары, жыгаччы­лык станоктору, машина куруу, эмерек, жеңил, тамак-аш, курулуш материалдар өнөржайлары иштейт. Көркөм промысели, сувенир буюмдар-


ды жасоо өнүккөн. 15–17-кылымда Приморье, Сибирь ж-а Батыш Европа м-н соода очогу, 1782-ж. на­местникчиликтин, 1796-жылдан В. губерниясы­нын борбору болгон. Совет өкмөтү 1917-ж. 12 (25)-декабрда орно гон.

Ад.: Вологда: Краеведческий альманах. Вып. 1–4. Вологда, 1994–2003.