ВОЛЬТА (Батыш Африкадагы дарыя)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВО́ЛЬТА 1 – Батыш Африкадагы дарыя, негизи­нен Гананын аймагында. Кара ж-а Ак В. дарыя­ларынын кошулушунан пайда болот. Уз. (Кара В-нын башатынан) 1600 км, алабынын аянты 394 миң км2. Кара В. Бобо-Диуласо ш-нын (Бур­кина-Фасо) жанындагы дөңсөөлөрдөн башта­лып, Ак В. кошулганга чейин кристаллдык платодогу кенен өрөөн, ортоңку бөлүгүндө Га­нанын Буркина-Фасо ж-а Кот-д’Ивуар өлкөлөрү м-н болгон чегаралары (бул бөлүгү босоголуу), андан ары Акосомбо ш-на чейин түздүк аркы­луу агат. Бул бөлүгүндө 1964-ж. плотина куру­луп, В. өрөөнүндө Вольта суусактагычы пайда болгон. Чатына 110 км калганда деңиз боюнда­гы ойдуң аркылуу агып, Гвинея булуңуна куяр­да саздуу дельтаны пайда кылат. Суусунун орт. чыгымы чатында 1288 м3/сек. Ири куймасы – Оти (сол). Балык кармалат. Чатынан 400 км аралыкка чейин кеме жүрөт. Ири порттору: Япеи (Тамале-Порт; Ак В-да), Кете-Крачи, Акосомбо. ГЭС курулган.