ВОЛЬТ-АМПЕР
ВОЛЬТ-АМПЕ́Р (В .А же V . A) – өзгөрмө токтун толук кубаттуулугунун бирдиги. В.-А.
электр тизмесиндеги ампер аркылуу туюнтулган ток күчүнүн анын кыпчыткычтарындагы чыңалууга болгон көбөйтүндүсү м-н аныкталып, өзгөрмө ток үчүн арналган амперметр ж-а вольтметр м-н ченелет. Толук кубаттуулук ж-дөгү түшүнүк электр тизмегинин активдүү (U I coscp) ж-а реактивдүү (U I sincp) кубаттуулугун айырмалоо үчүн киргизилген. Мында cp – ток м-н чыңалуунун ортосундагы фазалардын жылышуу бурчу. В. м-н туюнтулган толук кубаттуулук өзгөрмө ток машинасын ж-а трансформаторлорун мүнөздөөчү негизги чоңдуктардын бири.