ВОЛЬТЕР
ВОЛЬТЕ́Р (өз аты-жөнү – Мари Франсуа А р у э; 21.11.1694, Париж – 30.5.1778, ошол эле жер) – француз жазуучусу, философ, тарыхчы. Иезуиттер коллегиясынан окуган. Эркин ойлору бар чыгармалары үчүн эки жолу Бастилияга (1717, 1725) камалып, 1726-ж. Англияга куулган. 1729-ж. кайра Парижге келген. Бирок андан кийин да көп өмүрүн чет өлкөдө өткөргөн. «Философиялык каттар» (1733), «Метафизика тууралуу трактат» (1734), «Ньютон философиясынын негиздери» ж. б. эмгектеринде феодалдык түзүлүшкө, католик чиркөөсүнө, схоластика м-н метафизикага каршы чыккан. Негизги тарыхый эмгеги – «Жалпы тарых», «Калктардын үрпадаты жана руху тууралуу тажрыйба» (7 томдуу, 1756). В. – көркөм сөздүн чебери, акын, драматург катары да таанылган. «Генриада» (1728), «Брут» (1731), «Заира» (1732), «Цезардын өлүмү» (1735), «Орлеан кызы» (1735), «Магомет» (1741), «Кандид» (1759), «Байкуш» (1760), «Париждеги орус» (1760) ж. б. чыгармаларында курч сатира, рев-ячыл классицизмдин ораторлук стили, дидактикалык пафос айкалышып кетет. 1746-ж. Россия ИАнын ардактуу мүчөлүгүнө шайланган. 1747-ж. «Улуу Пётр тушундагы Россиянын тарыхы» деген эмгегин жаз ган.
Ад.: Акимова А. А. Вольтер. М., 1970; Вольтер и Россия. М., 1999.