ВОЛЬФРАМИТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВОЛЬФРАМИ́Т – вольфраматтар тобундагы минерал.

Хим. формуласы (Mn, Fe)[WO4]. Ко­шундулары: Zn, Mg, Nb ж. б. Изоморфтук түрлөрү гюбнерит MnWO4, ферберит FeWO . Моноклин с и нг о ни я с ында кр и с тал л да на т. Өңү кара күрөң, кызгылт, кара, алмаз сымал жар­кырайт. Катуулу­гу Моос шкаласы б-ча 4,5–5,5, тыгыздыгы 7100–7600 кг/м3. С. салм. 7,5. Жаратылышта касситерит, молибденит, ар­сенопирит, топаз, висмутин, берилл, мусковит ж. б. минералдар м-н бирге кварц тарамдарын­да ж-а грейзендерде кездешет. В. – вольфрам­дын негизги кенташы (рудасы).