ВОЛЮНТАРИЗМ
ВОЛЮНТАРИ́ЗМ (лат. voluntas – эрк) терминин 1883-ж. Ф. Тённис киргизген. 1) ф и л ос о ф и я д а: дүйнөнүн түпкү жашоо себеби адам эркинде деп жарыялаган теор. көзкараш; 2) с а я с а т т а: коомдук процесстердин кыймылдаткыч күчү эркин эрк стихиясында экенин ырастаган агым; 3) п с и х о л о г и яд а: эркти психикалык турмуштун булагы, се-
зимдик аракеттердин негизи, ал эми аңсезимди эрктин туундусу катары караган окуу. Шопенгауэрдин окуусунда, П. Лавровдун, И. Михайловскийдин социологиясында «баатырлар» эрки көпчүлүктү артынан ээрчитүүчү күчкө ээ экени жарыяланган. В. универсалдуу көрүнүш, ал саясий, экон., чарбалык, коомдук, аскердик, ил. ж. б. бардык чөйрөлөрдө учурайт. Cаясатта В. авторитаризмге, тоталитаризмге же анархизмге алып келет. Көп учурда башкаруучунун эрки көпчүлүк үчүн мыйзам болуп калат. Волюнтаристтик көзкараштар кайра куруу саясатын тездетүүдө чоң роль ойногон. Башкарууну бюрократташтыруу, ашкере борбордошкон бийлик, плюрализмдин жоктугу В. үчүн жагымдуу шарт түзөт.