ВОЛЬФРАМ КЕНТАШТАРЫ
ВОЛЬФРА́М КЕНТАШТАРЫ – курамында казып ж-а бөлүп алууга арзырлык өлчөмдө вольфрам металлы бар минералдардын жаратылыштагы чогундусу. Негизги минералдары – вольфрамит (курамында WO3
74–76%) ж-а шеелит (WO3 80%). Эндоген кендери көбүнчө гранит интрузиялары м-н байланыштуу болуп, постмагмалык, пневматолит же гидротерм процесстеринин натыйжасында пайда болот. Алар төмөндөгүдөй негизги типтерге бөлүнөт: вольфрамиттин майда бүртүкчөлөрү, кээде штокверкти түзүүчү ичке кварц-вольфрамит тарамчалары бар альбиттешкен, грейзендешкен ж-а кварцташкан граниттин же гранит-порфирлердин штоктору; вольфрамит, сейрек учурда шеелит, касситерит, берилл, арсенопирит, висмутит, молибденит, пирит ж. б. сульфиддери бар кварц-талаа шпаты, кварц-топаз, кварц-флюорит ж-а кварц тарамдары; кварц-шеелиттүү тарамдар, сульфиддер м-н минералдашкан зоналар ж-а штокверктер; курамында ферберит, антимонит, киноварь, барит бар кварц-алтын-шеелиттүү ж-а кварцантимонит-шеелиттүү тоотектер; молдибденит, халькопирит, галенит ж-а сфалерит бар гранитпироксен-скаполит курамындагы шеелиттүү скарндар. Вольфрамдын ири кендери скарн ж-а штокверктерде, эң байы тарамдарда кездешет. Эндоген кендеринин бузулуп талкаланышынан вольфрамит ж-а шеелит минералдарына бай делювий ж-а аллювий кенчачындылары пайда болот. В. к-нын ири кендери КМШ өлкөлөрүндө (Забайкалье, О. Азия, Казакстан, Приморье ж. б.), КЭР, Түш. Корея, АКШ, Австралия, Португалия, Перу, Таиланд, Бирма ж. б. жерлерде бар.
Ад.: Минеральные ресурсы мира Т. 1–2. М., 2001– 2002; Авдонин В. В., Бойцов В. Е., Григорьев В. М. Месторождения металлических полезных ископаемых. 2-е изд. М., 2005.