«ВОЯДЖЕР»
«ВО́ЯДЖЕР» (англ. Voyaqer – саякатчы) – Күн системасынын алыскы планеталарын изилдөөчү амер. космостук аппараттар сериясы. Массасы 733 кгдай «В.-1» ж-а «В.-2» аппараттары 1977-ж. учурулган. «В.-1» – Юпитерди, Сатурнду (1979–80), ал эми «В.-2» – Юпитерди, Сатурнду, Уранды, Нептунду (1979–89) учуп бара жаткан траекториясынан изилдөө жүргүзгөн. (Сүрөтү 543-бетте).

