ВРАНГЕЛЬ АРАЛЫ
ВРА́НГЕЛЬ АРАЛЫ Түн. Муз океанда, Чыгыш Сибирь ж-а Чукча деңиздеринин чегарасында жайгашкан. Материктен Лонга кысыгы аркылуу бөлүнөт. Аянты 7,3 миң км2дей. Бийикт. 1096 мге чейин (Совет тоосунда). Арктикалык
тундра ландшафты мүнөздүү. Уюлдук станция иштейт (1926-жылдан). Врангель аралы коругу бар. Калктуу пункттары: Ушаков, Звёздный. Орус деңиз саякатчысы Ф. П. Врангелдин ысмынан аталган.