ВРАНГЕЛЬ АРАЛЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВРА́НГЕЛЬ АРАЛЫ Түн. Муз океанда, Чыгыш Сибирь ж-а Чукча деңиздеринин чегарасында жайгашкан. Материктен Лонга кысыгы аркы­луу бөлүнөт. Аянты 7,3 миң км2дей. Бийикт. 1096 мге чейин (Совет тоосунда). Арктикалык

тундра ландшафты мүнөздүү. Уюлдук станция иштейт (1926-жылдан). Врангель аралы коругу бар. Калктуу пункттары: Ушаков, Звёздный. Орус деңиз саякатчысы Ф. П. Врангелдин ыс­мынан аталган.