ВРОЦЛАВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВРО́ЦЛАВ – Польшанын түш.-батышындагы шаар. Одра д-ндагы порт. Вроцлав воеводдугу­нун (адм.-айм. бирдик) борбору. Калкы 633,3 миң (2005); калкынын саны б-ча өлкөдөгү 4- шаар. Машина куруу, хим., жеңил, жыгаччы­лык, тамак-аш өнөржайы; ун-т, бир нече ил.- из. ин-ттары, китепкана, Польша ИАнын бас­масы, опера театры, Силезия, арх. музейлери бар. 10-кылымдан эскерилет. Силезиянын башкы шаары, бир топ кылым (1945-ж. чейин) немис­тердин үстөмдүгү астында болгон. 13–16-кылымдагы ратуша, 13–18-кылымдагы костёлдор м-н үйлөр, «Кылым залы» (Эл үйү; 1911–13), Бириккен жерлердин көргөзмө комплекси (1948-жыл­дан) бар.