ВУРГУН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВУРГУН Самед (өз аты-жөнү – Самед Юсиф оглы В е к и л о в) (21.3.1906, Азербайжан, Ка­зак р-ну, Чюхары-Салахлы айылы – 27.5.1956, Баку) – азербайжан эл акыны (1956), драматург, коомдук ишмер. Азербайжан ИАнын академи­ги (1945). Алгачкы ырлары 1924-жылдан жа­рыялана баштаган. В-дун «Акындын анты» (1930), «Фонарь» (1932) ыр жыйнактарында рев-я, жаңы турмуш темасы орун алган. Ыр м-н жазылган «Вагиф» (1937; 1941-ж. СССР мамл. сыйл.) ж-а «Хандар» (1939) тарыхый дра­малары көтөрүлүшчүлөрдүн тагдырына арнал­ган. Низаминин «Хосров менен Ширин» поэма­сынын сюжетинин негизинде ыр м-н «Фархад- Ширин» драмасын жазган (1941; 1942-ж. СССР мамл. сыйл.). «Эне сөзү» (1941), «Украин парти­зандары» (1942), «Мага ошондой деди» (1943), «Негр сүйлөйт» (1948), «Ленинди окуп» (1950), «Кылымдын туусу» (1954) поэмалары ж-а «Өрттөнгөн китеп» (1947) аттуу ыр циклдери жа­рык көргөн. Улуу Ата Мекендик согуш жылда­рында жаралган «Эски достор» (1947), «Мугань» (1949), «Айгюн» (1951) ж. б. поэмаларында ата­мекенге болгон сүйүү, достук сезимдери чагыл­дырылган. А. С. Пушкиндин «Евгений Онегин», Низаминин «Лайли менен Мажнун», Ш. Руста­велинин «Жолборс терисин жамынган баатыр» дастандарын азербайжан тилине которгон. В. СССР Жогорку Советине (1–4-шайланышынын) депутат. Эки Ленин ордени, башка орден ж-а медалдар м-н сыйланган.