ВУЧЕТИЧ
ВУЧЕ́ТИЧ Евгений Викторович [15(28).12.1908, азыркы Днепропетровск ш. – 1974, Москва] –


скульптор, СССР эл сүрөтчүсү (1959), СССР көркөм сүрөт академиясынын анык мүчөсү (1953), Соц. Эмг. Баатыры (1967). Совет мамлекетинин тарыхындагы эң маанилүү окуяларды жалпылап берүү м-н доордун алдыңкы идеяларын чагылдырууга умтулган. Ал түзгөн образдар көп учурда баатырдык-символдук мааниге ээ болгон. Бул анын совет элинин Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман күрөшүн көрсөткөн белгилүү чыгармаларынан айкын көрүнөт: генерал-лейтенант М. Г. Ефремовдун Вязьмадагы эстелиги (1946; 1947-ж. СССР мамл. сыйл. алган), курман болгон сов. жоокерлерге Берлиндин Трептов паркында тургузулган эстелик-ансамбль (коло, гранит, 1946–49, арх. Я. Б. Белопольский ж. б. м-н бирге), «Сага ант беребиз, Ленин…» деген горельеф (1949, башка авторлор м-н бирге, 1950-ж. СССР мамл. сыйл. алган), Мамаев дөбөсүндөгү (Волгоград) «Сталинград салгылашынын баатырларына» эстелик-ансамбли (темир-бетон, 1963–67, Я. Б. Белопольский ж. б. м-н бирге; Лениндик сыйл. 1970-ж.). В. портрет жанрында да ийгиликтүү эмгектенген. Эки жолку Сов. Союз. Баатырлары И. Д. Черняховскийдин (коло, гранит, 1945), В. И. Чуйковдун (мрамор, 1947) ж-а Т. Т. Хрюкиндин (мрамор, 1948), Соц. Эмг. Баатыры Н. Ниязовдун (коло, 1948) портреттери үчүн СССР мамл. сыйл. (1946, 1948, 1949, 1950), Индия саясий ишмерлеринин портреттери үчүн Неру атн. сыйл. (1958) ыйгарылган. Эки Ленин ордени, II даражадагы Ата Мекендик согуш ордени ж-а медалдар м-н сыйланган. Ад.: Лебедев П. И. Е. Вучетич. Альбом. М., 1960.