ВЫСОЦКИЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЫСО́ЦКИЙ Владимир Cемёнович (25.1.1938‚ Москва – 29.7.1980‚ ошол эле жер) – акын‚ ырчы‚ актёр. 1956-ж. Москва көркөм театрынын ал­дындагы мектеп-студияга кабыл алынып‚ 1960-ж. ушул театр ин-тун бүтүргөндөн кийин А. C. Пушкин атн. драма театрында иштейт.

Ал гач «Дима Го­риндин мансабы» фильмине‚ кийин Алматыда «Айып» фильмине тартыл­ган. 1964-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Москва дра­ма ж-а комедия те­атрынын Таганка­дагы труппасында эмгектенген. Аткарган ролдору: Хлопуша (C. Есе­нин б-ча‚ «Пугачёв»)‚ Гамлет (У. Шекспир‚ «Гам­лет»)‚ Лопахин (А. Чехов‚ «Алчалуу бак») ж. б.‚ «Вертикаль» (1966)‚ «Көз ирмемдик кездешүүлөр» (1968)‚ «Жолугушуу ордун өзгөртүүгө болбойт» (1978) ж. б.; көптөгөн фильмдерде ойногон. В-дин ырлары м-н балладаларында‚ аткарган ролдорунда коомдогу адилетсиздикке каршы күрөш‚ эркиндикке умтулган. CCCР мамл. сыйл. лауреаты (1987).