ВЬЕНТЬЯН
ВЬЕНТЬЯ́Н – Лаостун борбор шаары. Меконг д-ндагы порт. Өзүнчө адм. бирдик. Калкы 199,9 миң (2006); калкынын саны б-ча Индикытайдагы эң ири өлкө. Эларалык аэропорту бар. Маанилүү жолдор тоому. Деңиз порту. Өлкөнүн ири финансы ж-а соода-өнөржай борбору. Кустардык өнөржайы басымдуу; күрүч актоочу, жибек токуу, кебез-кездеме, булгаары, мебель өнөржай өндүрүшү иштейт. Көркөм колөнөрчүлүк өнүккөн. Ун-т (1958), элдик улуттук музыка ж-а бий мектеби (1992), калк китепканасы (1957), музейлер бар. 13-кылымда негизделген. 16–18-кылымдын башында Лансанг Лаос мамл-нин (үзгүлтүк м-н), 1899-жылдан Франция Лаосунун, 1946– 75-ж. Лаос королдугунун, 1975-жылдын декаб

рынан Лаостун борбору. Арх-ра эстеликтери: Фра-Кео (1565), ват Сисакет (1820) храмдары, Тхат Луанг ыйык чиркөө комплекси (1586), королдор сарайы ж. б.