ВЬЕТНАМДАР
ВЬЕТНАМДАР (өздөрүн кинь, вьет деп аташат) – эл, Вьетнамдын негизги калкы.


Таиланд, Лаос, Камбожа, АКШ, Франция, Кытай, Канада ж. б. өлкөлөрдө да жашашат. Жалпы саны 62,15 млн адам, а. и. Вьетнамда 61 млн (1992). Вьетнам тилинде сүйлөшөт. Буддисттер, католиктер, протестанттар ж-а жерг. секталардын жолун туткандар да бар. Б. з. ч. 1-миң жылдыктын ортосунда эле Хонгха ж-а Сицзян д-нын боюнда вьет уруулары жашашкан (булардын арасында көп сандаган лаквьеттер тобу болгон). В-дын ата-бабалары б. з. ч. 4–3-кылымда В. ванланг уруулар сою зу ну н неги зи н түзүшкөн, бирок аларды б. з. ч. 267-ж. тэйау уруулары талкалаган. Түн. Вьетнамдын аймагында алардын Аулак мамлекети пайда болгон. Ушул мезгилде тэйау урууларынын лаквьеттер м-н ассимиляцияланышы В-дын калыптанышына алып келген. Б. з. ч. 207-ж. Аулак мамлекети лаквьеттердин б. з. ч. 111-ж. кытайлар басып алган Намвьет мамлекетинин курамына кошулган. Б. з. 10-кылымда кытай баскынчыларына каршы боштондук күрөштүн натыйжасында вьеттердин борборлошкон, көзкаранды эмес Дайвьет мамлекети пайда болгон. 17–19-кылымда улуттук консолидация процесси жүрүп, 1804-ж. өлкө Вьетнам деп аталган. Узак тарыхый өнүгүүдөн кийин 20-кылымдын башында В. улут болуп түзүлгөн. В-дын негизги кесиби – дыйканчылык (шалынын 200 сортун, жүгөрү, күнжүт, чай ж. б. өстүрүшөт), мал чарбачылык ж-а балыкчылык. В. кыштактарында негизинен дубалы сокмо м-н саман аралаш топурактан, бамбуктан тургузулуп, чатыры пальма жалбырагы же күрүчтүн саманы м-н жабылган үйлөрдө жашашат. Улуттук кийимдери – кездемеден (пахтадан согулган) тигилген кемсел, кара түстөгү шым, пальма жалбырагынан өрүлгөн калпак, майрам күндөрү ачык түстүү жибектен тигилген халат-көйнөк (аозай) кийишет. Айыл жерлеринде жылаңаяк, кээде өрүлгөн сандалчан жүрүшөт. Тамак-ашы негизинен күрүч, жашылча, балык азыкт ары, эт ти майрам күндөрү гана жешет. Негизги суусундугу – чай. В-да тишти кара боёк м-н боёп, бетел чайнаган салты болгон. Маанилүү майрамы – Тэт (жаңы жыл), тет-чунг тху (күз майрамы). Майрамдарда селкинчек тээп көңүл ачышат, короз согуштуруу, кайык жарыштыруу ж. б. оюндары бар. Азыркы мезгилде В. өнөржай ж-а транспорт тармактарында иштешип, европа үлгүсүндөгү кийимдерди кийишет. Ш. Керимова.