ВЭЛФЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЭ' ЛФЕР (англ. welfer – жыргалчылык) – со­циалдык жардам көрсөтүүнүн амер. системасы­на кирүүчү социалдык пособиенин аталышы. Ал бюджет каражаттарынан акча трансфертте­ри‚ о. эле натуралай пособие түрүндө төлөнөт. Акча пособиелерине жакырчылык б-ча‚ үйбүлө­лүк ж-а балдар пособиелери‚ а. и. көп бүлөлүү­лөргө пособие‚ баа субсидиялары ж. б. кирет. Натуралай пособиелер азык-түлүк жагынан жардамдан тышкары билим берүүдө‚ саламат­тык сактоодо‚ оорулууларга ж-а улгайгандарга акысыз кызмат көрсөтүүнү камтыйт. В-ди да­йындоо кирешелердин ж-а мүлктүн өлчөмдөрүн текшерүүнү болжолдойт. Пособие бардык иш­теп тапкан кирешеси же/ж-а мүлкү тиричилик минумуму м-н аныкталуучу жакырчылык чеги деп аталган белгилүү деңгээлден бир аз гана жогору же ага барабар адамдарга берилет. Ти­ричилик минимуму «керектөө себетине» кирген бардык жыргалчылыктын наркы м-н белгиле­нет. В. алуучулардын кирешесинин өсүшү анын өлчөмүнүн азайышына негиз болот‚ ал эми ки­решелердин белгилүү бир деңгээлине жеткенде төлөө токтотулат.