ВЭНЬ-У ХЭ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЭНЬ-У ХЭ – кытай документтеринде эскерил­ген кыргыз элчиси. Андагы маалыматтар б-ча, 843-ж. 6-айда (1–30-июль) кыргыз каганынын расмий элчиси В.-у Х. Кытайдын Тан династия­сынын (618–907) императору Уцзундун кабыл­доосунда болгон. Элчи кыргыз каганынын аты­нан кат тапшырган. Ага жооп кылып Кытай императору жазган катында 839-ж. кыргыздар тарабынан талкаланган уйгурлар Тан мамлеке­тинин түн.-батыш аймактарын талап-тоноп жаткандыгын, ага каршы биргелешип күрөшүү­нү суранган. Бул кат «Юй сяцязсы кэхань шу» деп аталып, документтин мазмунунда тараптар­дын ийгиликтүү сүйлөшүүлөрү чагылдырылган. Элчини кытай документтеринде «генерал» деп жазганына караганда, ал кыргыздын көрүнүктүү аскербашчысы, өлкөдөгү таасирдүү инсандардын бири болгондугу божомолдонот. Бул элчилик императорго кыргыз каганынын атынан 100 жылкы, 10 жуп бүркүттү белек катары тартуу­лаган. Император катында генерал В.-у Х. же­тектеген элчиликке өтө ыраазы экендигин бил­дирген. О. Каратаев.