ВЬЕТНАМ
ВЬЕТНА́М , В ь е т н а м С о ц и а л и с т т и к Р е с п у б л и к а с ы – Түш.-Чыгыш Азиядагы өлкө, Индикытай ж. а-нда. В-дын аймагы кууш тилке түрүндө (жазылыгы түндүгүндө 600 км, борб. бөлүгүндө 50 км, түштүгүндө 375 км) жарым аралдын чыгышын жээктей меридиан ба-
гытында 1750 км аралыкта созулуп жатат.


Түндүгүнөн Кытай, батышынан Лаос ж-а Камбожа м-н чектешип, чыгышынан Түш. Кытай деңизи ж-а анын булуңу – Бакбо (Тонкин), түш.-батышынан Сиам булуңу м-н чулганат. Аянты 329,3 миң км2. Калкы 8,3 млн (2006). Борбору – Ханой ш. Расмий тили – вьетнам тили. Адм.-айм. жактан 59 провинцияга, өзгөчө округга ж-а борборго баш ийген 5 шаарга; алар 8 экон. районго биригет (к. таблица). тарыхый-геогр. жактан 3кө – Түндүк (Бакбо), Борб. (Чунгбо) ж-а Түштүк (Намбо) болуп бөлүнөт. В. – БУУнун (1977), Эларалык валюта фондунун (1956), Эларалык реконструкция ж-а өнүгүү банкынын (1956), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (байкоочу катары), Түш.-Чыгыш Азия өлкөлөрү ассоциациясынын (1975) мүчөсү. Акча бирдиги – донг.
Экономикалык райондору (2006)
Экономикалык райондору
Аянты,
км2
Калкы, миң
Башкы шаары
Меконг дельтасы
39738,7
17743,3
Кантхо
Тоолуу Борбор (Борбордук бөксөтоолору)
54473,7
4463,5
Далат
Түндүк-Батыш
Түндүк-Чыгыш
37336,9
63629,8
14394,0
Хоабинь
Тхайнгуен
Түндүк деңиз бою борбору
51510,8
11005,8
Хюэ
Түштүк деңиз бою борбору
33069,0
8884,2
Дананг
Түштүк-Чыгыш
34743,1
11176,6
Хошимин
Хонгха дельтасы (Кы-зыл д-нын дельтасы)
14812,5
16276,9
Ханой
Мамлекеттик түзүлүшү
. В.– унитардык мамлекет. Конституциясы 15-апрелде 1992-ж. кабыл алынган. Мамлекеттик ж-а мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу Улуттук чогулуш, ал 4 жылга шайланат. Мамлекет башчысы – президент, аны Улуттук
Чогулуш 5 жылга шайлайт. Ал Улуттук коргоо советинин да төрагасы. Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектеген Өкмөт – Министрлер Совети ишке ашы рат.
Башкаруучу партия – В. коммунисттик партиясы – өлкөдөгү жалгыз саясий партия болуп саналат.
Маданияты
. Жээктери негизинен жапыз, кумдуу, начар тилмеленген. Жээк сызыгынын уз. 2500 кмден ашык. Түндүгүндө Бакбо (Тонкин) булуңу ж-а андагы Файтсилонг архипелагы, түштүгүндө зор Камау ж. а. жайгашкан. Кеме токтоого ыңгайлуу бухталар ж-а булуңдар аз. Эң ыңгайлуу табигый гаваны – Камрань булуңу. Жеринин бетинин басымдуу бөлүгүн, негизинен түндүгүн, түн.-батышын ж-а ички аймактарын тоолор (негизинен орто бийик ж-а жапыз) ээлейт. Алар өрөөндөр м-н терең тилмелен ген.
Өлкөнүн түн. бөлүгүндө бири-бирине жарыш жаткан кыркатоолор ж-а түш.-чыгыш багытта созулган тоо массивдеринин тизмеги басымдуулук кылат. Алардын капталдары көбүнчө жантайыңкы. Эң бийик кыркатоосу – Хоангльеншон (Фанши чокусу, бийикт. 3143 м), эң

узуну – Чыонгшон (уз. 300 кмдей). Түш. бөлүгүндө тоолору кыры жайпак жазы массивдерден, бөксөтоолордон ж-а платолордон туруп, узатасынан созулган тилкени түзөт. Алардын басымдуу бийиктиги 500–1500 м, эң бийик жери – 3280 м. Эң ирилери – Контум, Дарлак, Мнонг бөксөтоолору ж-а платолору. Жээктеринде түздүктөрдүн эң ирилери, түн. бөлүгүндө [Хонгха (Кызыл) ж. б. дарыялардын төмөнкү агымдары ж-а дельталары] ж-а түштүгүндө (Меконг д-нын дельтасы) жайгашкан. Түн. В-дын түн.-чыгыш бөлүгү тектон. жактан Түш. Кытай платформасына, түш.-батышы мезозоид бүктөлүү системасына кирет. В-дын түн. бөлүгү кенбайлыкка бай ж-а ар түрдүү; алардын негизгилери: ташкөмүр, темир кенташы, коргошун ж-а цинк, боксит, калай, сейрек жер элементтери. Түштүгүндө ташкөмүрдүн, алтындын, молибдендин кендери бар. Климаты муссондук, субэкватордук, түштүгү ысык, түндүгү кышында муздак; нымдуу муссон соккон мезгилде жаан-чачын эң көп жа айт.
Өлкөнүн басымдуу бөлүгү үчүн эң нымдуу жайкы түш.-батыш же түш.-чыгыш муссону, эң кургакчыл кышкы түн.-чыгыш муссону болуп саналат. Жапыз жайгашкан аймактарында эң суук айынын орт. темп-расы түндүгүндө 15°Сден (январь), түштүгүндө 25,8°Сге чейин (декабрь), эң жылуу айыныкы (түндүгүндө – июнь, июль, түштүгүндө – апрель) 28–29°С. Кышында түндүгүндө 1500 м бийиктиктен жогору үшүк жү рөт.
Жаан-чачындын жылдык өлчөмү 1500–2000 мм, айрым жерлеринде (негизинен тоолордо) 3000 ммден ашык. Өлкөнүн бүт аймагында (чыгыш
35*
жээк тилкесинин Зинь тумшугунан Бакбо булуңуна чейинки аралыгынан тышкары) жылдык жаан-чачындын 80%ке жакыны май – октябрь, чыгыш жээк тилкесинде август–январь айларына туура келет. Жайдын 2-жарымында ж-а күзүндө В-дын түндүгүндө тайфун болуп турат. Дарыя тармагы жыш, алардын бардыгы Түш. Кытай деңизинин алабына кирет. Босоголуу. Муссондук жамгырдын сезонунда дарыяларынын деңгээли кескин (10 мге, кээде анданда бийик) көтөрүлүп, чыгымы он эсеге чейин көбөйөт. Түндүктүн ж-а түштүктүн дарыялары бүт, өлкөнүн борб. бөлүгүндөгү тоолордун батыш капталдарынан башталган дарыялары июнь – октябрь, өлкөнүн борб. бөлүгүнүн чыгыш тоо капталдарынын дарыялары сентябрь–декабрь айларында ташкындайт. Дарыяларынын сугатта ж-а жерг. жүктү ташууда мааниси зор. Негизги дарыялары: түндүгүндө – Хонгха (Кызыл; В-дын чегиндеги уз. 475 км) ж-а анын ири куймасы – Да (Кара); түштүгүндө – Меконг (В-га төмөнкү агымы, 220 кмдей бөлүгү гана тиешел үү).
Тоонун латерит топурактары үстөмдүк кылат; жээк тилкесине ж-а жапыз тоолоруна кызылсары латерит, дарыя дельталарына аллювий, Меконг д-нын дельтасынын сырткы чет-жакаларына ж-а жээктин башка жерлерине саздашкан шор топурактары мүнөздүү. Жеринин бетинин 1/ ине жакынын тропиктик ж-а субтропиктик токойлор ээлейт. Токоюнун басымдуу бөлүгү – экинчи жолу өсүп чыккандар. Тоо этектеринде ж-а төмөнкү алкактарында дайыма жашыл тропик токою басымдуу. Түндүгүндө 600– 700 мден жогору, түштүгүндө 1000–2000 м бийиктикте тропиктиктеринде токоюна субтропик ж-а мелүүн климаттуу алкактарга мүнөздүү дарактар (эмен, бук, каштан, кызылкарагайдын түрлөрү) аралаш өсөт. Түштүгүндө жалаң кызылкарагайлуу токойлор кездешет. Бамбук кеңири таралган. Түш.-батыштын бөксөтоолоруна ж-а платолоруна сейрек саванна токою ж-а саванна мүнөздүү. Жээк түздүктөрүндө маданий өсүмдүктөр басымдуу, пальма, бамбук ө сөт.
Түздүктөрдүн кыйла бөлүгүн, айрыкча түштүгүн саз өсүмдүктөрү, деңиз суусу киргенде суу астында калган тилкени мангр токою ээлейт.
Калкы
. Негизинен вьетнамдар (88%), о. эле кытайлар, муонг, мео ж. б. улут өкүлдөрү жашашат. Орт. жыштыгы 1 км2 жерге 255 киши. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники – 67,8 жаш, аялдарыныкы – 73,6 (2005). Элинин 55% будда, 12% таоизм, 10% католик ж. б. диндерди тутушат. Шаар калкы 20,8%. Ири шаарлары: Хошимин, Хайфон, Ханой, Дананг, Хюэ ж. б.

<img src='ВЬЕТНАМ81.png' alt = 'Вьетнамдын түштүгүндөгү кыштак.'/>
Тарыхы
. В-дагы эң эзелки мамл. бирикме – Ванланг – байыркы вьетнам уруулар союзунун базасында калыптанган. Ванлангдын б. з. ч. 1- миң жылдыкта эле жашагандыгы белгилүү. Кийинчерээк анын ордун Аулак ж-а Намвьет мамлекеттери алмаштырып, б. з. 2-кылымнда аларды кытайлар басып алган. Кытай башкаруучуларына каршы бошт. күрөштүн натыйжасында 10-кылымда көзкаранды эмес Дайковьет мамлекети орноп, 11–13-кылымда ал борбордошкон күчтүү Дайвьет (1069-жылдан ушундай аталган) империясына айланган. 13-кылымда Дайвьет моңголдордун үч жолку жортуулунун мизин кайтарган. 15-кылымдын башында Кытайдын басып алуу аракетин талкалап, 1427-ж. кытай баскынчыларын өлкөдөн кууп чыккан. 1471-ж. Дайвьет өзүнө коңшу Тьямпа мамлекетин кошкон. 16- к-дан тартып Инди-кытайга европ. соодагерлер келе баштаган. В. мамлекетинин аймагы 18-кылымдын аягында негизинен азыркы чегинде калыптанган. 1804-ж. Нгуен династиясы бүткүл империяны борбордоштуруп, өлкө Вьетнам аталган. 19-кылымдын 50–80-жылдары Франция В-ды колониялап алган. 1884-жылдан В. Франциянын толук колониясына айланган. Франция В-га Лаос м-н Камбожаны кошуп, Француз Инди- Кытайы деп атаган. 1930-ж. Нгуен Ай Куоктун (Хо Ши Мин) жетекчилигинде түзүлгөн Инди-Кытай коммунистик партиясы (ИККП; 1930-ж. октябрга чейин В. компартиясы аталган) өлкөдөгү улуттук-бошт. кыймылды жетектеген. 1941–45-ж. В-ды япондор оккупациялап алган. 1945-ж. май айында азаттык үчүн күрөшкөн бардык куралдуу күчтөр биригип, В. элдик армиясы (ВЭА) түзүлгөн. 1945-жылдын августуна чейин ВЭА өлкөнүн көп бөлүгүн бошоткон. Август рев-ясынын натыйжасында 1945-ж. 2-сентябрда Хо Ши Мин Убактылуу өкмөттүн атынан В-дын көзкарандысыздык декларациясын ж-а Вьетнам Демокр. Респ-нын (ВДР) түзүлгөнүн жарыялаган. 1945-ж. француз аскерлери Сайгонду басып алып, өлкөнүн түштүгүндө согуш баштаган. 1946–47-ж. франц. аскерлер В-дын көп шаарын, деңиз боюндагы жерлери м-н түздүктөрүн караткан. 1949-ж. Франция басып алган аймакта Бао-Дай [В-дын борб. бөлүгүнүн – француз үстөмдүгүнүн убагындагы Анаманын императору (1926–45); В-дагы Август рев-ясы (1945) убагында тактыдан баш тарткан] башкарган марионеткалык «Вьетнам мамлекети» түзүлгөн. В-дагы согушка 1950-жылдан АКШ ачык кийлигише баштаган. 1950– 51-жылдан согуш операцияларын жүргүзүүдөгү демилге ВДРге өтүп, душмандан бошотулган аймагы кеңейген.

1954-ж. Дьенбьенфу жанындагы салгылаш француз аскерлеринин жеңилүүсү м-н аяктап, Женева келишимдерине (1954) ыл ай ык Франц и я нын В - дагы согушу токтогон. Келишимге ылайык 17-параллелдеги демаркациялык чек б-ча В. эки мамлекетке бөлүнгөн. Өлкөнүн түштүгүндө Вьетнам Респ. (1959-ж. 31- декабрында), Түндүгүндө 1959-ж. Хо Ши Мин жетектеген Вьетнам Соц. Респ. түзүлгөн. Келишимдерде өлкөнү тынчтык жол м-н бириктирүү максатында эларалык көзөмөл астында 1956-ж. жалпы эркин шайлоо өткөрүү каралган. Бирок аны АКШнын башкаруучу чөйрөлөрү үзгүлтүккө учуратып, өлкөнү экиге бөлүү үчүн В-дын түштүгүндө Нго Динь Зьем башкарган сайгондук режимди түзгөн. 60-жылдардын ортосунан вьетнамдык эки мамлекеттин ортосунда ку ралдуу к агыл ышуу лар башталган. 1961–64-ж. Сайгон режимине АКШнын согуштук жардамы күчөйт. Бирок патриоттук күчтөрдүн куралдуу каршылыгы улам күчөп, марионетка режим узакка создуккан кризиске учураган. Нго Динь Зьемдин бийликтен кулашы (1963, ноябрь) режимди кризистен куткарган жок. Андан көп узабай бир катар аскер төңкөрүштөрү болуп, 1965-ж. АКШнын колдоосу м-н генерал Нгуен Ван Тхиеу башкарган аскер хунтасы бийликке келет. Сайгон режимин ж-а Инди-Кытайдагы позициясын сактоого аракеттенген АКШ 1965-ж. мартта Түш. В-га түздөн түз куралдуу кол салган. 1968-ж. АКШ Түш. В-га амер. экспедициялык корпусту (1968-ж. жазында 500 миң аскер болгон) киргизүү м-н бирге ВДРге абадан кол сал ган.
В. маселесин чечүү жолдорун табуу максатында 1968-ж. майда Парижде кош тараптуу (АКШ ж-а ВДР), 1969-ж. январдан төрт тараптуу [(ВДР, Түш. В-ды боштондукка чыгаруунун улуттук фронту (ТВБЧУФ)], АКШ ж-а Сайгон администрациясы) сүйлөшүүлөр башталган. Бирок АКШ аны согуш жолу м-н чечүүгө ниеттенген.
1973-ж. январда В-да согушту токтотуу ж-а тынчтыкты калыбына келтирүү ж-дөгү Париж келишимине АКШ кол койгон. Ал келишимде АКШнын Түш. В-да аскерлерин кармоодон баш тартышы, о. эле Түш. В-да көзөмөлгө алынган эки зонаны [эки администрацияны Түш. В. Респкасынын Убактылуу рев-ячыл өкмөтү (ТВРУРӨ) ж-а Сайгон администрациясы)], эки армияны таанууганегизделип,Түш.В.маселесинсаясий жол м-н чечүү белгиленген. Сайгон администрациясы милдеттенмесин орундатпай, Париж келишимин бузуп, АКШнын жардамы м-н армиясын кайрадан куралдандырат. Ал согуш потенциалын күчөтүп, патриот күчтөр бошоткон бардык жерди кайра басып алууга умтулат. 1975- жылдагы жазгы чабуул патриоттордун толук жеңиши м-н аяктаган соң Сайгон режими 1975-ж. 30-апрелде кулатылат. Түш. В-дын бүткүл аймагын көзөмөлдөө ТВРУРӨнүн колуна өткөн. 1976-ж. 1-июнда өлкөнүн кайрадан кошулганын ж-а Вьетнам Соц. Респ-нын (ВСР) түзүлгөндүгү (борбору Ханой) жарыяланган. 1980-ж. ВСРдин конституциясы кабыл алынган. 90-жылдардан тартып өлкөдө экономиканы либералдаштыруу, саясий системаны реформалоо процесси бир кыйла экон. өсүштөргө алып келген.
Экономикасы
. В. – өнөржайы өнүккөн агрардык өлкө. Ички дүң продукциясынын көлөмү 251,8 млрд доллар (АКШ); аны киши башына бөлүштүргөндө 3 миң доллардай туура келет (2005). Ички дүң продукциясында айыл ж-а токой чарбасыны үлүшү 36,6%, өнөржайыныкы 20,9%. Нефть, ташкөмүр, апатит, хромит, те-


мир кенташы, калай, вольфрам казылып алынат. 2004-ж. 46 млрд кВт.с электрэнергиясы өндүрүлгөн. Кара ж-а түстүү металлургия, металл иштетүү ж-а машина куруу, химия өнөржайлары өнүккөн. Курулуш материалдарын чыгарат. Жыгач иштетүүчү ж-а целлюлоза-кагаз, каучук иштетүү ишканалары, жеңил ж-а тамак-аш (күрүч актоо, кант, чай, кофе ж. б.) өнөржайлары бар.
А. ч-да жердин 26% иштетилет, кээ бир райондордо жылына 2–3 жолу түшүм алынат. Шалы (негизги азык-түлүк продуктусу), батат, жүгөрү, пахта, жут, балкамыш, чай ж. б. өстүрүлөт. Каучук плантациясы бар. Жашылчажемиш өстүрүлөт. Бодо мал, чочко багылат. Балык кармалат

Темиржолунун уз. 2,6 миң км (а. и. 2169 км кууш колеялуу); автожолунуку – 126 миң км; ички суу жолунун уз. 17,7 миң км. Деңиз соода флотунун тоннажы 1170,6 миң бр.-рег. т, 2005). Жалпы куур транспортунда уз. 851 км (а. и. 3 кми нефть кууру, 642 кми газдыкы). Ири порттору: Хошимин, Хайфон, Дананг, Хонгтай, Камфа. Нефть, ташкөмүр, күрүч, каучук, балык ж-а деңиз продуктуларын экспорттойт. Негизги соода шериктештери: Япония, Сингапур, Корея Респ., Австралия, Германия, АКШ, Улуу Британия, Кытай, Гонконг, Таиланд.
Маданияты
. Өлкөнүн түндүгү м-н түштүгүндө билим берүү системасы эки түрдүү түзүлгөн. ВДР болуп жарыялангандан кийин 1945-ж. элге билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталган декрет кабыл алынган. 1956-жылдагы реформага жараша 3 баскычтан турган бирдиктүү 10 жылдык мектеп түзүлгөн. Кийин сабатсыздык жоюлуп, өлкө 1976-жылдан 8 жылдык милдеттүү окууга өткөн. Жалпы билим берүүнүн толук курсу – 10 жыл. Орто мектеп 7 жылдык. Жалпы билим берүүчү 12 жылдык мектеп өлкөнүн түштүгүндө сакталган. Бирок аларда окуунун мазмуну ж-а идеялык багыты өзгөртүлгөн. Өлкө бириккенден кийин мектептердин бирдиктүү программасы түзүлүп, Түн. м-н Түш. үчүн бирдей жаңы окуу китептери чыгарылып, Түштүктө мугалимдер кайра даярдала баштаган. ЖОЖ- дордун саны өскөн. Ханой ун-тинин (1918-ж. негизделген) базасында 1954-жылдан мед.-фармацевтика, ад-т, педагогика, айыл чарба, токой чарба ин-ттары ачылган. Бул ун-тте кийин 1955-ж.хим., физ.-матем., биол. ж-а коомдук ил. ф-ттери м-н кайра уюшул ган.
В. элинин ад-ты вьетнам тилинде өнүккөн. В-дын байыркы фольклору: Ажыдаар Лактын өкүмдарлыгы, адамдардын теги ж-а алгачкы окутуучулары; Фу Донг ж-дөгү баатырдык жомок; Үлүл-чебинин курулушу, о. эле каарман эже-сиңдилер Чынг ж-дөгү мифологиялык уламыштардын жыйындысы (цикл). Ханван тилинде жазылган алгачкы эстеликтерде (10– 12-к.) чечендик өнөр м-н кытай ад-тында калыптанган формалар айкалышкан (эски кытай тилинин вьетнамдашкан варианты). В. ад-ты
о. кылымда буддизмдин, кийинчерээк конфуцийчил көзкараштын таасиринде өнүккөн. 14- к-дын аягы – 15-кылымдын 1-жарымында бир катар акындардын чыгармаларында социалдык нааразылык темасы пайда болуп, поэзия вьетнамдардын оозеки тилинде өөрчүйт. Анын бизге жеткен байыркы эстелиги – Нгуен Чайдын (1380– 1442) «Эне тилдеги ырлар жыйнагы». 16–17-кылымда ыргактык проза жанрындагы чыгармалар кеңири тараган. Нгуен-Бинь Кхиемдин (1491– 1585) афоризмдик ж-а ирониялык поэзиясында социалдык адилетсиздик чагылдырылган. 17-кылымдын аягы – 18-кылымдын башында тарыхый-эпикалык «Югдун асман китеби» аттуу аңгемеде В-дын тарыхый адамдарынын, легендарлуу баатырларынын эрдиктери чагылдырылат. 18-кылымдагы ж-а 19-кылымдын башындагы В. ад-тына Кайра жаралуу доорунун салтына жакындоо ж-а адамдын ички дүйнөсүнө көңүл буруу мүнөздүү болуп, лирикалык жанр пайда болот. Доан Тхи Дьемдин (1705–48) «Жоокердин даттануусу», Нгуен За Тхиенин (1741–98) «Падышанын ойношунун арызы» аттуу поэмалар жарыяланган. В. классикалык ад-тынын көрүнүктүү өкүлү Нгуен Зунун (1765–1820) «Кыйналган жандын онтоосу» деген поэмасында адамдардын жеке турмушу баяндалат. Француз колониячылары басып киргенден кийин ад-т салттуу формада өнүгүп, анда патриоттук мотивдер басымдуулук кылат. 19-кылымдын 2-жарымында колониялык режим орногондон кийин поэзияда сатиралык багыт өөрчүйт: Нгуен Кхюендин (1835–1909), Ту Сыонгдун (1870–1907) чыгармалары. 20-кылымдын башында азыркы прозалык жанрлар: новелла, драма, роман калыптанган. 30-жылдары «Жаңы поэзия» кыймылы башталган. То Хыунун поэзиясы, Хо Ши Миндин «Түрмө күндөлүгү» деген публицистикасы. 20-кылымдын 20–30-жылдарында калыптанган реалисттик багыттын өнүгүшү бардык жанрда [Нгуен Конг Хоандын аңгемелери м-н «Акыркы кадам» (1938), Нгуен Хонгдун «Колу туткак аял» деген романдары] айкын көрүнөт. 1945-жылдагы Август рев-ясынан кийин В. ад-ты соц. реализм багытында өнүккөн. Көркөм-документ жанры да ушул мезгилде өнүгө баштаган. Каршылык көрсөтүү согушу мезгилиндеги (50-жылдардын башында) жаралган повесттер м-н романдар [Нгуен Динь Тхинин (1924-ж. т.) «Чабуулу» (1951); Во Хюи Тамдын (1920) «Көмүр бассейни» (1951) ж. б.] коллективдүү каарманды сүрөтөөгө баш койгон. 1957-ж. В-да жазуучулар союзу негизделген. Рев-я тарыхын баяндаган Хюи Тамдын «Шахтёрлор» (1961), Нгуен Хонгдун «Деңиз дарбазасы» (1–2-т., 1961–1973) ж. б. романдарда жаңы каармандардын образы берилген. Поэзияда жаңы коомду куруучулардын лирикалык образдары кеңири сүрөттө лөт.
В-дын байыркы иск-восунун гүлдөшү Тямпа мамлекетинин түзүлүшүнө байланыштуу (б. з.
1-миң жылдыгы; Мишон ж-а Донгзыонг ш-ндагы кыштан (кирпичтен) салынган будда, брахми храмдары, жасалга скульптуралар). 11–13- к-да Түн. В-да жыгач имараттарды куруу кеңири таралган (Ханойдогу Дьен-Бо пагодасы, 1049 ж. б.). 18–19–к-да сарайлар кооз оюм-чийими м-н өзгөчөлөнгөн (Хюэдеги «Төрт жагы төп келишкен сарай», 1805–33, ж. б.). О. кылымда кооз храм, пейзаж, живопись, скульптура портрети, пил сөөгүнөн, жыгачтан, металлдан кооз буюм жасоо басымдуу болгон. Франция колониялап турган мезгилде В. өнөрүндө электизм ж-а европ. салон өнөрүнүн принциптери таралган. Каршылык көрсөтүү согушу жылдарында (1945–54) сүрөтчүлөр (То Нгок Ван, Фан Ке Ан ж. б.) үгүт баракча, плакат, турмуштук ж-а саясий темадагы эстамптарды жаратышкан. Түн. В-да жибекке суу боёк м-н тартуу живописи (Нгуен Фан Тян, Чан Донг Лыонг ж.б.), лак живописи биринчи жолу сүрөт тартуунун каражатына айланган (Хоанг Тик Тю, Нгуен Ким Донг ж. б.), май боёк м-н сүрөт тартуу ж-а скульптура, графика өнүгөт. Элдик жасалга-колдонмо өнөр өркүндөгөн: пил сөөгүнөн, жыгачтан жа


салган, камыштан согулган буюмдар, түстүү жазуулар ж-а алтын сымал лактар м-н кооздолгон буюмдар, сайма, темир куймалар колдонулган. 1957-ж. Ханойдо Жогорку сүрөт окуу жайы ачылган. 1958-ж. ВДРдин Сүрөтчүлөр союзу уюштурулган. Америкалыктар м-н согушта баатырдыкты көрсөткөн вьетнам эли эми талкаланган шаарлар м-н кыштактарды калыбына келтиришкен. Фам Ван Дон, Май Ван Хиен, Куанг Фонг ж. б. сүрөтчүлөрдүн чыгармаларында элдин баатырдык күрөшү ж-а туруктуулугу чагылдырыл ган.
Салттуу жанрлары – тео ж-а туонг муундан муунга оозеки өткөн. В-дын классикалык театры – Туонг. Ал элдик оюн катары 11–13-кылымда өлкөнүн түндүгүндө пайда болгон (ага кытай театрынын таасири тийген). Сарай труппалары ж-а демокр. багыттагы кыдырма труппалар иштеген. Оюн музыка, бий ж-а көркөм окуу м-н айкалышта көрсөтүлөт. Белгилүү театр ишмер-


леринен тарыхый, курч комедиялуу, сатиралык пьесалардын автору Нгуен Динь Нги, аткаруучуларынан Нгуен Ван Тхинь ж. б. өзгөчөлөнгөн.
20-кылымдын башында Ханойдо Нгуен Хыу Тиендин «Донг А феникстери», Хоанг Танг Бинин «Күйөөсү үчүн өч алуу жана мекен алдындагы милдет» аттуу тарыхый пьесалары белгилүү болгон. Кай-лыонг театрында пьеса актыларга бөлүнүп, мурда колдонулбаган көшөгө, жасалга пайдаланылган. «Сүйлөмө» же драма театры кить-ной пайда болгон. Мольердин комедиялары, Ву Динь Лонгдун «Дос жана аял» пьесасы ж-а Хо Ши Миндин «Бамбук ажыдаар» комедиясы коюлган. ВДР түзүлгөндөн кийин театр жаңы драматургия м-н байып, кить-ной ж-а кай-лыонг салттуу театр формалары кеңири тарала баштаган. 1954-ж. өздүк көркөм чыгармачыл коллективдердин фестивалы (4 жылда бир жолу) өткөрүлө баштайт. Театр өнөрү коомдун турмушунда маанилүү орунду ээлеп, китьной жаңы заман үчүн күрөшүп жаткан заманбап адамдын образын түзгөн. Кай-лыонг тышкы кооздуктан баш тартып, турмушту чыныгы реалисттик жол м-н чагылдырууга өткөн. Туонг салттуу театры кризиске учурап, жоюлуп калган. Бирок 1958-ж. Улуттук музыка театр мектебинде туонг бөлүмү ачылган. Тео театры да кайра түзүлгөн. 1963-жылдын аягында 35 профессионал труппа м-н көркөм коллективдин ичинен 19у тео спектаклдерин коюуга адистешкен. Элдик куурчак театр өнөрү да эзелтен өнүккөн. 1957-ж. Ханойдо профессионал куурчак театры ачылган. 1957-ж. Ханойдо В. театр актёрлорунун ассоциациясы түзүлүп, 1961-ж. Жогорку драма мектеби ачыл ган.
Француз үстөмдүгү мезгилинде В-да негизинен француз ж-а амер. фильмдер чыгарылган. Август рев-ясынан кийин ВДРдин өкмөтү Ханойдо Радио жана кино уюмун уюштурган. Улуттук кино түзүүдө сов. кинематографисттер жардам көрсөтүшкөн. 1948-ж. алгачкы кино хроникалары тартылган («Мак Хоа үчүн салгылашуу»).
Документ фильмдердин студиясы 1956-ж. түзүлгөн. 1958-ж. Ханойдо киностудия уюшулган. Алгачкы көркөм фильми – «Бир дарыяда бирге» (1959). 1960-жылдан көркөм фильм студиясы иштейт. Улуттук кинематографиянын негизги темасы – француз колониячыларына каршы В. элинин күрөшүү тарыхы («Ким Донг», «Жубайлар А – Фу», «От океаны»). ВДРге каршы амер. агрессия башталгандан кийин өлкөдө «АКШнын каракчылары», «Ханой, 5 күн кармашуу», «Шамал дарбазасынын жанында» деген даректүү фильмдер тартылган. 60–70-жылдарда согуш темасындагы көркөм фильмдер: «Жаш жоокер», «Нюи – сайгондук кыз», «17- параллель: күн-түн дебей» ж-а «Ханойлук кыз», «Апельсин багы», «Курман болгондун эстелик белеги» (1961; совпрокатта – «Курман болгондун сувенири»), «Эки солдат» (1962), «Кичинекей Ким Донг» (1964), «Нгуен Ван Чой», «Бороон күчөөдө» (1966, экөө тең), «Тхам кыздын токою» (1970). Кээ бир фильмдер Москвада ж-а Карлови-Варидеги эларалык кинофестивалдарда сыйл. алган. 1959-ж. Ханойдо улуттук киномектеп уюштурулган. Көркөм киностудия, хроникалдык-даректүү, мультипликациялык фильмдер ж-а кинокөчүргүч фабрика иште ген.
Америкалыктардын агрессиясынын натыйжасында киноөндүрүшүнүн бөлүктөрү жунглиге көчүрүлгөн. ВДРдин көрүнүктүү актёрлору: Фи Нге, Нгок Лан, Нгуен Хонг Шэн, Ча Жанг, Туе Минь, Тху Хиен, Туй Винь.
16-кылымда муз. коом түзүлүп, вокалдык-аспаптык («Бо ня няк», кийинчерээк «Бо зяо фыонг» ыр ж-а бий коомуна айланган), «Дой ба лэнь» оркестри пайда болгон. Аспаптардан: үйлөмө – кхен (Пан флейтасынын бамбуктан жасалган түрү), дык, тиеу, шао бан, шао бау (түрдүү флейталар) ж. б.; урма – чонг дай ж-а чонг тео (барабан) кеңири тараган. 19-кылымда «Няк Тянь» оркестри уюшулган. Түш. В-да элдик театрдын негизинде вокалдык музыканын номурларын камтыган улуттук жарым профессионал театр


негизделген. 20-кылымдын 30-жылдарында улуттук театр өнөрү өзгөчөлүгүнөн ажырап, европ. опералар коюлуп, европ. үлгүнү туураган. Француз колониячыларына каршы согуш жылдарында элдин эмгегине арналган ырларынын негизинде жаңы рев-ячыл ыр фольклору пайда болгон. В-дын операсында До Ньюандын «Ко-Шао» («Кыз-жылдыз»), Нгуен Суан Хоантанын «Чоң дарыя көпүрөсүнөн өтүү» чыгармалары көрүнүктүү орун ээлейт. ВДРдин көп музыканттары тео театрынын элдик обон-күүлөрүн чогултуп, жазып ж-а кайра иштеп чыгуунун негизинде түрдүү жанрдагы өз музыкасын түзүшкөн. 1955-ж. Ханойдо консерватория ачылган. Андан кийин улуттук муз. театр мектеби, орто ж-а жогорку муз. курстар, балдардын муз. мектептери негизделген. 1959-жылдан Ханойдо симфониялык оркестр, 1962-жылдан элдик аспаптар оркестри, о. эле мамл. хор иштейт.
Ад.: Экономика и внешнеэкономические связи Вьетнама. М., 2001; Вьетнам: страна и люди. Ханой, 2002; Вьетнам//Большая Российская энциклопедия. Т. 6. М., 2006. Никулин Н. И. О периодизации вьетнамской литературы эпохи средневековья; Великий вьетнамский поэт Нуген Зу. М., 1965; Литературный энциклопедический словарь. М., 1987.